Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Президенттикке Келдибековду колдойлу десек Бекназаров “Келдибековду Акаев сыяктуу аялы башкарат” деп каршы чыгып жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-январда редакциябызга Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева телефон чалды.

-Эмне, Азимбек Бекназаровдун өмүрүнө кол салуу болдубу? – деп сурады шашкалактап.

-Кудай сактасын. Биз билгенден кырсыкка учурап, башы аман. Ага эч ким кол салбаптыр. Өзү айдап бараткан машина менен жолдун четинде токтоп турган унааны жана ээсин сүзүп кетиптир. Экөөсү тең аман-эсен, – деп жооткоттук.

-Ошондой эле болсун. Башы аман болсо болду. 2010-жылы Бакиевге каршы чоогу күрөшкөнбүз. Аздыр-көптүр элге эмгеги сиңген. Биз сыйлайбыз. Жакында эле жаңы чыккан китептерин таратып, Нарынга келип кеткен болчу. Кой эми, мейман эмеспи, сыйлап коёлу деп биз Нарындын Апрелчилери сый тамак уюштуруп, Азимбек Бекназаровду чакырдык. Көпкө сүйлөшүп олтурдук. Анан сөздөн сөз чыгып олтуруп: “Азике, 2010-жылы сиздин сөзгө кирип, Атамбаевди колдодук эле алданып калдык.  Бир да убадаңарды аткарбадыңар. Электр энергиясын кайра эки эсе кымбаттаттыңар. Калгандарын айтпай эле коёлук. Эми биз Акматбек Келдибековду президенттикке колдойлу деп жатабыз. Ал куру убада эмес, реалдуу иштерди жасаган. Соцфондду жетектеп турганда пенсия, пособиелерди көбөйтүп, кечиктирбей өз убагында бере баштаган. Нарынга да көп жардам берген. Эми болсо аны Москвага Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачты деп айыптап абакка да камап көрүштү. Бийликтин уяты жок экен. Эч айып таппай ошого жабышышты. Биздин оюубузча парламенттик өкүлчүлүк керек. Ал жакта 1 миллиондой кыргыздар мигрант болуп жүрүшөт. Ошолорду колдогону парламент да иштесе жакшы болмок…” дедик.  Анда Азике: “Ахмат Келдибеков президенттикке жарабайт. Аны аялы башкарат. Ахмат президент болсо экинчи Акаев эле болот. Кыргызстанды Майрам Акаевадай Ахматтын аялы башкара баштайт. Анын аялы Аксылык, менин карындашым болот. Аларды мен жакшы билем”, деп караманча каршы турду. “Анда кимди колдойбуз?” сурадык. “Күтө тургула, жакында айтам, ошол мен көрсөткөн кишини колдойсуңар” деп кеткен. Ошол бойдон дайыны жок. Анан эле кечээ Эркин Асаналиев: “Элдин баары эле Азимбек Бекназаров тымызын Сооронбай Жээнбековго иштеп жатыптыр. Бизди ошол Сооронбайга добуш салгыла деп кыйнайт го” дейт. “Кокуй биз ошол Сооронбай Жээнбековдордон, дегеле атамбайчылардан кутула албай жүрсөк Азике кайра эле бизди ошолордун алдына салып бергиси барбы?” деп чочуп кеттик. Эгер Азике атамбайчыларды колдой турган болсо анда биз аны колдобойбуз. Бизге ошол Ахмат Келдибеков сыяктуу  мамлекеттик кызматтарда дасыккан уюштургуч жетекчи келсе болот эле. Сооронбайдын колунан эч нерсе келбеси билинип калды. Ал президент болсо дагы 6 жыл Кыргызстанды артка тартат, – деди Бактыгүл Жумабаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: