Menu

Учактын кыйрашынан каза болгон мекендештерибизге Жалал-Абад областынын бюджеттик мекемелеринде иштегендер бир күндүк эмгек маяналарын которушат

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-январда өкүл Кыянбек Сатыбалдиев областтык бюджеттик мекеме ишканалардын жетекчилери менен атайын жыйын өткөрдү. Анда “Манас” Эл аралык аэропортуна жакын жерде авиакатастрофадан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү маселеси каралып талкууланды. Областтык жана район-шаарлардагы бюджеттик мекеме – ишканалардын жетекчилери бир ооздон бир күндүк эмгек маяналарын авикырсыктан жабыр тарткандарга которуп берүү демилгеси менен чыгышты.

Мындан сырткары КРнын ӨКМнин областтык башкармалыгында кырсыктан жабыр тарткандарга атайын жардам көрсөтүү пунктары ачылды. Учактын кыйрашынан жабыр тартышкан мекендештерибизге тамак-аш жана жылуу кийим-кечектер менен буюмдардан жардам берүүнү каалагандарды кабыл алуу боюнча КРнын ӨКМнин областтык башкармалыгында  0770 800 081, 03722 2 19 70  жана 0772 07 76 07  “түз байланыш” телефондору иштеп жатат.

“Манас” Эл аралык аэропортуна жакын жерде кыйраган Туркия мамлекетине таандык жүк ташуучу “Боинг 747” учагынын кыйрашынан улам ондогон мекендештерибиз каза болушту. Каргашалуу ал кырсыктан Ноокен районундагы Курулуш айылынын тургундары, 1993-жылы туулган, 8 айлык боюнда бар Венера Дүйшеева, 2011-жылы туулган Алибек Камилов жана 2013-жылы туулган Исабек Камилов да каза болушкан.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 17-январь бүткүл өлкөбүз боюнча аза күтүү күнү деп жарыялангандыктан Жалал-Абад областындагы мекеме-ишканаларда мамлекеттик желектер түшүрүлдү.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: