Уландысы
2006-жылы 24-январь болгон сот Чыныбек Алиевдин өлүмүнө келип кетет. Негизи ага чейин деле ал эпизоддун деталдары каралып келген. Бирок ушул күнү бир тараптуу бүтүм чыккан. Прокурор Чыныбек Алиевдин өлүмү болгон күнү саат бештерде Эркин Мамбеталиев “Опшерон” кафеси жакта болгондугун уюлдук оператор станция чыгарып берген базалык маалыматта катталганын белгилеген. Арийне кылмыш катталган убакта Эркиндин телефону ал райондо катталган эмес. Дагы бир азыр канча жыл өтсө эске алынчу жагдай, Чыныбек Алиев менен чогуу отурган милиция кызматкерлеринин телефон распечаткалары чыгарылбаганын айткан. Прокурор өзү окуя болгон айрым күбөлөр Чыныбек Алиевди күмүш түстөгү “БМВ” эмес, ак түстөгү “Мерседес” атышканын белгиледи. Ошондой эле прокурор “БМВ” арткы шыбында автоматтык огунан чачыраган деген күкүрт тактарын, ошол шыптагы материалды кесип экспертизага бергенде ал жөн гана боек болуп чыкканын айткан. Эгерде прокурор чын айткан болсо, анда ошол убактагы министр Бакирдин Субанбековдун кызматкерлери кимдир-бирөөнүн буйругу менен карасанатай ишке барышкан экен. Жок, эгерде прокурор алдаган болсо, анда кылмыш болгону чындык, андагы күнөөлөнгөн күнөөкөрлөр да чындык. Анын чын-бышыгын азыр да биле албайбыз. Хотя билгенде жакшы болмок. Ии баса, ошол күмүш түстөгү “БМВны” Эркин Рысбектен алган. Эркиндин аялы менен Тынычбек Акматбаевдин аялдары группалаш, чогуу окушкан. Үй-бүлөлүк катышта болушкан. Ал учур ошондой, талабы, кырдаалы да башка эле. Бирок Эркин Мамбеталиев Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгону анык. Бир нерсе деш кыйын, бир нерсеге күнөөлөш кыйын, себеби булар убагында таасир талаштан башка, кыргыз деп күрөшүшкөн. Жансакчы айрымдарга оң жана сол кол менен таамай атканды үйрөтүп, айрым таланттуулары учуп бара жаткан чымчыкты жаземдебей башка атып калышкан. Бул да болсо ок атууда эң жогорку чеберчилик..
2006-жылы Рысбектин көзүнүн тирүүсүндө балдары атыла баштады. “Дордой Плазанын” анын эң ишенимдүү кишиси, оң колу, жумгалдык Адис Кулманбетов атылды. Дагы башкалары четинен кете баштады. Акыры кыргыздын чыгаан уулдарынын бири болгон Рысбекти да атып кетишти.
Эркин Мамбеталиев кайра камалды. Бул сапар депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө күнөөлөнүп, Эркиндин досу устаз Абдышүкүр Нарматов: “Эркин ал күнү Учкун кичирайонундагы мечитте жума намазда болгон” – деп чырылдаганына тергөө органдары караган жок. Сурабалдиевдин өлүмүнө дагы 7 эпизод кошулуп, Эркин узак мөөнөткө кесилди. Ал 7 эпизод: Хабаж Заурбеков, кримавторитет Таалай Абасов, полковник Чыныбек Алиев, Нуркул Асылбеков кримтобунун мүчөсү Нурлан Бердикеев, Алтынбек Курманалиев жана “Рохат” пансионатынын директору Бахрул Бурхановдун өлүмдөрү. Мамбеталиев мына ушунун баарына күнөөлүү деп табылган. Албетте Рысбек жана анын тобундагылардын кээ бири бул кылмыштарда айып тагылган.
Бакиевдин доорунда СИЗО №1де кезектеги соттук отурумга бараарда Эркин Мамбеталиевге’ кол салуу даярдалып 10дон ашуун киши курчоого алганда, Эркин колундагы темир кишенди үзүп, чабуулдун мизин кайтарганга даярданган. Бирок чогулгандардын духу жеткен эмес.
Апрель төңкөрүшүнөн кийин эзели түрмөдөн чыкпачудай болгон Эркин Мамбеталиев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан соттук процесске кирип, Таалай Абасов жана Чыныбек Алиевдин өлүмүнөн башка эпизоддордо күнөөсү далилденбеди деген тыянак менен, ал айып тагуулар алынды. Ал эми Таалай Абасов жана Чыныбек Алиевдин өлүмү боюнча ГКНБнын СИЗОсунда жаткан күндөрү эсептелип, сот залынан эркиндикке чыкты.
Кечээ эле күкүрт жыттанган, адамдын каны жыттанган дүйнөдө жүргөн Эркинге бир эсе түрмө чоң сабак болсо, бир эсе дайыма досунан кабар алып, колунан келишинче ислам жолуна үндөгөн Абдышүкүр Нарматовдун эмгеги текке кеткен жок. Эркинди көпчүлүк Рысбектин кунун кууйт деп күткөнү менен ал башка жол менен кетти. Тынчтык жана бизнес жолу менен. Болбосо мындан 10 жыл мурда Камчы менен Эркиндин чогуу жүрүп, чогуу сүрөткө түшүп, чогуу бизнес кылганы түшкө киргис нерсе болчу.
Эркин Мамбеталиевдин тагдырынан мамлекеттик машина эң кубаттуу механизм болоорун, ал керек болсо темир кишенди үзгөн эң күчтүү адамдардын тагдырын талкалап коеруна күбө болдук. Анан калса жашоо деген бумеранг. Кимге кордук көрсөтсөң, өзүң ошол орго түшүп калышың мүмкүн.
Бандиттердин жашоосу малина эмес, атүгүл арам дагы. Мамлекет өз элин коргой албай калган чакта бандиттер баш көтөрөт. Бирок акыретте эң банкрот абалда (сооптору аздыгы, жакшы амалдары аздыгы жагынан алганда) келген кишилердин бири – бандиттер болушу толук мүмкүн. Себеби алар акча үчүн, байлык үчүн адамдын канын себепсиз төгүп, себепсиз бирөөлөрдү кордоп, себепсиз эле, ач көздүктүн айынан бирөөлөрдүн маңдай тери менен тапкан ак эмгек-бизнесин тартып алышат. Мындай бандиттер мага демектен Меккеге ажылыкка жылда барып, мечит салышса да акыретте абалдары кыйын. Аллах баарыбыздын балдарыбызга эки дүйнөнүн бакытын берип, ошол бактылуулуктун жолунан чыгарбасын, тайдырбасын.
(Аягы)
эркин журналист Семетей ТАЛАС уулу
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ