Тажикстанда Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси талкууланып жатат. Уюмга мүчө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынып, альянстын пайдасы жана зыяны иликтенүүдө.
“Алгач бир нече суроого жооп беришибиз керек – анын ичинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн рыногуна биз эмне сунуштай алабыз, өндүргөн продукцияларыбыз ЕАЭБдин стандарттарына жооп береби жана тең салмактуу атаандаштык камсыз кылынабы”,— деди Тажикстандын бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басары Хуршед Каримзода журналисттерге берген маегинде.
Аткаминер өлкө өзгөчө атаандаштык маселесине көңүл буруп жатканын айтты. Анын пикиринде, Орусия, Беларус жана Казакстандын өнөр жайы өнүккөн. Жалпы рынокко продукцияларын сунуштоо дараметтери кеңири.
“Армения менен Кыргызстан уюмга кийинчерээк киришти. Тажик өкмөтү дал ушул өлкөлөрдүн тажрыйбасын терең изилдейт. ЕАЭБге кирсек, республиканы эмне күтөрү беймаалым. Мындан тышкары Тажикстан уюмга кошулса, кандай пайда жана зыян тартары дагы так белгилүү эмес”,- деп баса белгиледи Каримзода.
ЕАЭБге Орусия, Армения, Беларус, Кыргызстан жана Казакстан мүчө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ