Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала угуулар эртеңкиге жылдырылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Бүгүн, 3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук отурум башталып, жабык эшик артында өтүп жаткан. Соттук териштирүүлөргө айыпталуучулар, ошону менен бирге мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди дагы алып келишкен. Буга чейин Атамбаев сотко катыша турган ниетин билдирген.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, сот залында шарттар түзүлгөн эмес. Айыпталуучулар айнектен куралган конструкцияда олтурушканын, мындан улам ал тоскоолдук жаратып, сөздөр жакшы угулбаганын айтты.
“Кээ бир жактоочулар шарты жок отурушту. Кагаз кое турганга стол жок болду. Бул ыңгайсыздык жаратат” – деди Замир Жоошев.
Соттук отурум жылгандан кийин Алмазбек Атамбаевди унаага салып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына алып кетишти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ