Menu

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, 100 жаштагы Надежда Максименко каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, милициянын ардагери Надежда Максименко каза болгонуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына көнүл айтуу үчүн Кара-Балта шаарына барды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

“Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Надежда Максименконун каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алдым. Анын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүк калат. Сиздер менен кошо кайгыруудамын”-деп Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев өз сөзүндө белгиледи.
ИИМдин атынан Алмаз Орозалиев ардагердин жакындарына жана туугандарына материалдык жардам көрсөттү.

Жаңы-жылдын алдында Надежда Максименконун 100 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагерлери жана кызматкерлери куттуктап келишкен.

Надежда Максименко Улуу Ата мекендик согуш учурунда Элдик ички иштер комитетинин (НКВД) Архивинде иштеген. 1943-жылы Лениграддагы блокадага жөнөтүлүп, ошол жактагы бардык адамдар сыяктуу суукта калып, ачкачылык күндөрүн өткөрүп, атышуулар жана бомбанын жарылган үндөрүн угууга туура келген. Согуштан кийин, Надежда Максименко Калининский районундагы Элдик ички иштер комитетиндеги Кыргыз ССРнин ИИМдин Паспорттук столунун иш-кагаздары менен иштөө тескөөчүсү катары иштеген. Картотекаларды толуктап, келген жана чыккан кагаздардын баарын толуктап, бул иши 1957-жылдан баштап 1962-жылга чейин созулган. Андан соң, Кара-Балда шаарына кетип, 1977-жылга чейин ИИМдин Паспорттук бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген. Пенсияга эки жыл калганда ал жалпыны поспорт менен камсыздоо иши менен алек болгон. ИИМдин түзүмүндө 34 жыл эмгектенип, көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган. Анын ичинде “Күжүрмөн эмгеги үчүн”, Ушаковдун медалы, “1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушка катышкандыгы үчүн”, 1- 2- баскычтагы “ИИМде мыкты кызматы үчүн”, “Эмгектин ардагери” жана башка медалдары бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: