Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев туулуп-өскөн Жизак облусунун Заамин районунун борборунда мечит салынууда. Жергиликтүү жашоочулар аны “Ак мечит” деп атап коюшкан. Ал 13 кылымдык тарыхы бар комплекстин катарына кирген эски объектинин ордуна курулууда.
Заамин районунун тургундары мечит президент Мирзиёевдин көрсөтмөсү менен салынып жатат деген пикирде. Аймактагы мамлекеттик органдардын бири кабарлагандай, ал 21-мартта – Нооруз майрамын белгилөө учурунда бүткөрүлөт.
Мечиттин курулушу январдын башында башталган. Объект төрт тарабынан тосулган. Курулушчулар дем алыш күндөрү дагы иштеп жатканы айтылууда.
Жизактык активисттеринин биринин айтымында, бул жерде мурун анча чоң эмес мечит бар болчу. “Курулуш үчүн 3 гектар жер бөлүнгөнү айтылууда. Бирок мен толук маалымат ала алган жокмун. Себеби бул ишке жергиликтүү элди жана чиновниктерди жакын жолотушкан жок”,-деди ал.
Социалдык түйүндөрдө Өзбекстан президентинин кичи мекенинде салынып жаткан мечиттин сүрөтү пайда болду. Ага караганда анын эки мунарасы, бир кумпасы, чоң намаз окуучу жайы жана короосу болот.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ