Menu

«Жарнама жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Сырткы жарнакты жайгаштырууда келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 „Жарнама жөнүндө“ Мыйзамдын 14-15-беренелерине айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катарыЖогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 30-майында кабыл алынган „Жарнама жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын биринчи варианты Президенттин каршы пикири менен 2019-жылдын 11-июлунда макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайра кайтарылган. Себеби аталган Мыйзамга мурда киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын чектеп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга карама-каршы келген.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган Мыйзамдын макулдашылган вариантын парламент 2019-жылдын 11-сентябрында түзгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: