Menu

Видео – Замир Жоошев, адвокат: “Эгерде биздин өтүнүчтү сот канаттандырбаса, анда Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен алынып келиниши мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин соту жабык эшик артында каралды. Ага журналисттер киргизилген жок.

Сотко Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева келди. Бул жолу да экс-президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Сот эртеңкиге, 15-октябрга саат 14:00го жылдырылды. Буга да Алмазбек Атамбаевдин сотко келүүдөн баш тартканы себеп болду. 

Атамбаевдин сотко келбеси алдын ала эле бизге (журналисттерге) белгилүү болгон. Себеби, анын келбеси тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот отурумуна кирээрдин алдында айтып берген. “Алмазбек Шаршенович менен мен бүгүн эртең менен жолуккам, ал тергөө изоляторунун башчыларына сотко барбай турганы боюнча өзүнүн арызын жазып берди. Ошондой эле Атамбаев: “Сот жана күч органдары мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен бийликтин тапшырмасын аткарып жатат. Ошондуктан ал сотко катышпайм”,- деп айтты. Негизи мыйзамга ылайык, айыпталып жаткан адам сотко катышуусу керек. Бирок, Жазык-процессуалдык кодекстин 275-беренесине ылайык, айыпталуучу “ишти менсиз эле карай бергиле” деп кайрылса болот. Андынтан баштапкы соттук угууларды айыпталуучунун өзү жок эле, же башкача айтканда, Алмазбек Шаршеновичтин катышуусу жок эле карай берсе болот. Биз Алмазбек Шаршеновичтин адвокаттары бүгүн соттон ал кишинин өзү жок эле сотту өткөрө бергиле деген өтүнүч келтиребиз. Эгерде сот биздин өтүнүчүбүздү канааттандырбаса, анда Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен алып келиниши мүмкүн”, – деди Замир Жоошев.

Эске сала кетсек, Батукаевдин иши боюнча алгачкы сот 11-октябрда Биринчи май райондук сотто болмок, Атамбаев сот отурума келүүдөн баш тартып койгонуна байланыштуу 14-октябрга жылып калган. 11-октябрда сотко мурдагы башкы прокурорлор  Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишкен. Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп бербей качкан. Ал эми Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин айткан.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: