Menu

Казакстандын түштүгүндө казактар менен өзбектер мушташты

Бөлүшүү:

Казакстандын Түркстан облусундагы Шорнак айылында жергиликтүү тургундар ортосунда мушташ чыгып, үч киши жаракат алды.

Түркстан облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, алгач Шорнак айылынын эки жашоочусунун ортосунда жаңжал чыккан. Көп өтпөй белгисиз адамдар келип, алардын биринин үйүнө жана коңшу жайгашкан үйлөргө таш ыргытышкан. Жыйынтыгында үч киши жана окуя болгон жерге барган аймактык тескөөчү жаракат алган.

Соцтармактардагы билдирүүлөргө ылайык, мушташ казак жана өзбек тектүү тургундардын ортосунда болгон. 11 миңден ашуун тургуну бар Шорнак айылында негизинен казак жана өзбек улутундагылар жашайт.

Полиция окуянын улут аралык жаңжал экенин четке кагып, окуяга байланыштуу төрт киши кармалып, териштирүү башталганын билдирди.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеотасмада мектепке окшогон имараттын жанында турган адамдарды, бети жана көйнөгү кан болгон полиция кызматкерин көрүүгө болот.

Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Шорнак айылынын үч тургуну ооруканага 21-июлда жеткирилген. Алардын экөө орто жаракат алышкан, өмүрлөрүнө эч кандай коркунуч жок. Үчүнчүсүнүн абалы оор деп бааланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: