Menu

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер: “Мен өзүмдүн идеяларымдан, ой-максаттарымдан эч качан баш тарткан эмесмин”

Бөлүшүү:

2019-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Манас жана Чыңгыз Айтматов Академиясын түзүү жөнүндө чыгарган Жарлыгына байланыштуу калыстык сөзгө келгенде “кызыл тилин кайраган калк ичинде сайраган…” Манас таануу институтунун директору белгилилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев менен 1990-жылдардагы теле жылдыз, жогорку категориядагы диктор, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү Анаш Кадырова менен болгон маекти назарыңыздарга сунуш кылабыз:

– Топчуке, Сиз ара качандан бир качан калыстык сөздөн тайбай, чындыкты айтам деп көп адамга жакшы да, жаман да көрүнүп басып жүрөсүз, президентибиз Сооронбай Шариповичтин Манас жана Чыңгыз Айтматов Академиясын түзүү түуралуу Жарлыгына кандай оюңуз бар?

– Бул менин көптөн бери тилеген үмүтүм, келечекке болгон идея-максатым, өлкө бийлигине мурда билдирген сунуш-талабым эле да… Өзүңөр билесиңер 2010-жылдан кийин И.Арабаев атындагы университеттин ректораты менен акылдашып, макулдашып, алардын жардамы менен Манас таануу институтун ачкам, азыр иштеп жатат. Анан президентибиз Сооронбай Шариповичтин Манас жана Чыңгыз Айтматов Академиясын түзүү тууралуу Жарлыгын кантип колдобой коймок элем? Бул жалгыз эле менин эмес, жалпы кыргыз элинин, анын ичиндеги манасчылардын, адабиятчылардын, мекенчил инсандардын көптөн күткөн үмүт-тилеги эмеспи, баарыбыз кубанып, президентибизге алкыш айтып жатабыз. Ушундай Академия кыргыз элине аябай керек эле…

– Топчуке, Манас жана Чыңгыз Айтматов Академиясы деп атына заты жарашып эле турат. Ошондой 6олсо да буп акедемиянын изилдөө багыты, усулдук-окутуу багыты тууралуу ойлоруңузду кенен айта кетсеңиз?

– Бардык идея-максттарыбызды бул чакан маекке батырууга мүмкүн эмес, ошондой болсо да негизи 3 нерсени айта кетейин:

“Кыргызга кызмат кылбасак, туулбай туна чөгөлү, тирүү жүрбөй өлөлү…” деп Манас өзү айткандай биринчиси Манас дүйнөсү – бул кыргыздын жүзү болсо, экинчиси – бул Чыңгыз Айтматовдун XX кылымдын 60-жылдарынан баштап кыргызды дүйнөгө тааныткан чыгармалары болуп саналат. Ал эми үчүнчүсү – бул Манаска дагы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына дагы улуттук түс берген кыргыз элинин жашоо образын ичине сиңирген улуттук каада-салты, үрп-адаты. Тактап айтканда улуттук мүнөзү – кыргыз элинин бир-бирине, улуусунун кичүүсүнө, кичүүсүнүн улуусуна, жалпы жаратылышка, доско, душманга, тууганга болгон ар түрдүү мамилелери болуп эсептелет.

Биз мына ушул 3 нерсени негизги теманын башына коюп, Манастын эпоско жана башка дүйнөгө таандык сапаттарын, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жана кыргызды башка элдерден айырмалап, меймандостукка, айкөлдүккө, мекенчил-баатырдыкка, ар намыска, уят-сыйытка ж.б. адамкерчилик жакшы сапаттарга чакырып турган каада-салтын, үрп-адатын – жашоо образын ар тараптан иликтеп, изилдеп, азыркы заманга жарашыктуулугуна карата мамиле жасап, иргеп, талдап келечек муундарды окутуп-тарбиялоо, багыт берүү иштерин жүргүзөбүз.

– Топчуке, Сизди тээ СССР маалында эле, 1980-жылдын ортосунда “Кыргызстан Советтер Союзунан чыгып өз алдынча мамлекет болсун” деген ой-максат менен Москвада докторантурада окуп жүргөнүңүздө ал жердеги дапай аспиранттарды, докторанттарды, студенттерди чогултуп уюмдашууга үндөгөнүңүз элге аңыз болуп тараган эле?

– Оо, ал кезде бийлик бир колдо, компартия күчүндө эле. Чын эле силер уккандай аракеттер болгон. Биз ал кезде тең укуктуулук, улуттук аң-сезимдин өнүгүүсү, ар-намыстын ойгонушу, “кулдук психологиядан” арылуу маселеси боюнча ойлонуп толгонуп жүргөн малыбыз эле. “Учкундан жалын тутанат” дегендей, биздин ошол 80-жылдардагы уюмдашкан даярдыгыбыз 90-жылдарга карата ”генералдык репетиция” экен.

– Эми саясатты таштадыңызбы?

– Жок, мүмкүн чыныгы саясатка эми кирише баштадым десем болот.

– Себеби эмнеде?

– Себеби 90-жылдардан бери оппозиция дегендин далай топторун көрдүм. Башчыларынын айрымдары гана туруктуу болбосо көбү “Кыргызстан” деген улуу максат үчүн эмес, бийлик үчүн гана оппозицияга чыгымыш болот экен, ал турсун 2 тарапка тең иштеп, бизди сатып жүргөндөрүн дагы көрдүм, ирээнжидим. Көрсө нукура оппозициячыл адам өзүнүн ички ишениминде, ой-максатында оппозицияга чейин эле чыныгы оппозициячыл болуу керек экен. Ошондуктан Кыргызстанда “саясий лидер, саясий элита” деген топту улуу идеяга, адамдык оң сапатка тарбиялоо зарыл экен. Мен ошон үчүн Манас таануу институтун түптөдүм. Себеби кыргыз эли каны-жанын аябай бүт өмүрүн эркиндик, теңдик үчүн сайып, күрөшүп келген байыркы эл, ал эми бул идея болсо Манас эпопеясында жана Манас дүйнөсүнүн өзөгүндө жатат…

Ошондуктан мени “саясаттан кайтты” дегенге ишенбегиле. Эгерде эртең бүрсүгүнү Кыргызстанда демократияны, адилеттүүлүктү кароо маселеси чукул абалда болсо мени кайрадан саясий майдандан көрсөңөр болот. Мен өзүмдүн идеаларымдан, ой-максаттарымдан эч качан баш тарткан эмесмин!

Каарманыбыз жөнүндө шилтеме:

Топчубек Тургуналиев 1989-1990-жылдарда Кыргызстан демократиялык кыймылы аттуу компартияга оппозицияга ачык чыккан кыймылда жана 2005-2010-жылдарда 2-3-революцияда дагы анын уюштуруучуларынын жана башчыларынын бири болгон. Далай элдик жыйындарда, митингдерде чыгып сүйлөгөн, уюштурган, бийликке каршы ачкачылык жарыялаган эл арасында “демократиянын атасы” деген атка ээ болгон.

Топчубек Тургуналиев 1990-1993-жылдарди өлкөдөгү бирнчи Перманенттик реолюциянын демилгечилеринин жана башчыларынын бири болгон. Авторитардык бийлик аны “сындырууга” баш ийдирүүгө далай аракет кылып, акаевдин, бакиевдин тушунда саясий себептер менен 3 жолу “кылмыш ишин” ачкан, 6 жолу административдик сот аркылуу соттолгон. Түрмөлөрдө, саясий сүргүндө 1384 күн отурган. Бирок ал түрмөлөрдө дагы, эркиндикте дагы Кыргызстандын эгемендеги үчүн болгон күрөшүн токтоткон эмес.

Ал 2010-жылдагы элдик революциядан кийин кыргыздын гана эмес бүткүл адамзаттын керемет чыгармасы болгон Манаска кайрылып, “калган өмүрүмдү Манас дүйнөсүнө арнадым” деп И.Арабаев атындагы университетте Манас таануу институн түзгөн. Белгилүү журналист Бермет Букашева Топчубек Тургуналиевди “түбөлүк ревоюционер” деп атап жазган.

Маектешкен: Анаш Кадырова

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: