Menu

Гуля Рыскулова, эксперт: «Эл шайлай турган президент өлкө тагдырына күйө турган татыктуу саясатчы болушу керек»

Бөлүшүү:

— Гуля Аймановна, президенттик шайлоо жакындап келатат, шайлоого саясий партиялардын даярдыгы кандай?

— Кыргызстандын жаңы президентин шайлоого дагы беш ай убакыт бар, бирок шайлоо кампаниясы ишмердүүлүгүн азыртадан эле активдүү жүргүзө баштады. Өзгөчө апрель айында өтө тезденүүгө өттү. Шайлоого бара турган кээ бир саясий партиялардын лидерлери дубандарды кыдырып, эл менен жолугушуп, өзүлөрүнүн программалары менен тааныштырып жатышат.

— БШК добуштарды эсептөөдө мүчүлүштүктөргө жол бербей, шайлоо калыс, таза өтөт деп ишенесизби?

— Элмира Ибраимова жыйында добуштарды эсептөөдө мүчүлүштүктөрдүн болуп кетүү коркунучу бар экендигин айтты. Мындай коркунучтун бар экендигине өткөн жылдагы жергиликтүү кеңештерге карата шайлоонун жүрүшүндө да күбө болдум. БШКнын жетекчилигинин биометриканы эсептеген электрондук системаны киргизүү жөнүндөгү айткандары, добуштарды эсептөөдө мүчүлүштүктөрдү болтурбоо үчүн жасаган бардык аракети өзүн актады. Мен Бишкектеги шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо кампаниясына оппозициялык партиядан катыштым. Биздин алдын ала эсептөөбүз менен добуш берүүнүн жыйынтыгы дал келди. Ооба, көйгөйлөр болбой койгон жок. Мисалы, эсептегич урнанын бузулган учурлары, жарандардын үшүп, тоңуп калган манжаларын тааныбаган учурлары болду, мындай абалга туш болгон шайлоочулар добуш бере албай кетип калышты, кайра алардын эч кимиси өз добушун бергени кайтып келген жок. Жер-жерлерге көтөрүп барган урналарды да идеалдуу иштеди деп айтууга болбойт. Бирок, Бишкек боюнча добуштарды эсептөөдө фальсификация катталган жок. Эгер добуштарды эсептөөдө коркунуч жарала турган болсо, аны жок кылуу керек. Ал эми жарандык бирикмелерге жана саясий партияларга шайлоо системасынын иш алып баруусун жеткиликтүү түшүндүрүү БШКнын жана бийликтин милдети деп эсептейм.

– 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын добуштарды сатып алганын көрдүк. Бул шайлоодо да мындай ыкма колдонулушу толук ыктымал да…

— Бул суроого Ахматбек Келдибековдун өкүнүчтүү сөзүн мисал катары айткым келет. Анткени анын айтканы саясий партияларга эле эмес, Кыргызстандын ар бир жаранына тиешелүү. “Ар бир жолку болуп өткөн шайлоодо бийликти кошуна мамлекеттин тургундары эмес, биз өзүбүз тандаганбыз. Мамлекеттин бекемдигин сактоону жана балдарыбыздын келечеги жөнүндө ойлобостон биз өзүбүз добуштардын сатылуусуна, ушак жана ыпылас технологиянын колдонулушуна жол беребиз”, — ​деген.

— Ошентсе да алдыда боло турган шайлоо мурдагы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат?

— Алдыда боло турган шайлоо мурдагы шайлоолордон айырмаланат. Анткени саясат айдыңында белгилүү болгон ири бизнес-кампаниялардын жетекчилигинде ийгиликтүү тажрыйбага ээ, мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеген, премьер-министрликке чейин жеткен күчтүү саясатчылардын тобу бар. Татыктуу талапкерлер канчалык көп болсо, элге ошончолук алардын арасынан мыктысын тандап алууга шарт түзүлөт. Албетте, бул да идеалдуу болбошу мүмкүн. Бирок бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн өзү Кыргызстанга жаңы форматтагы лидердин келишин шарттайт. Экинчиден, программасы жүзөгө ашкан, тарыхы бар партиялар бар, алардын программасын жараксыз деп айтуудан алысмын. Биз азыр президенттин ролу баштапкыларга салыштырмалуу бир топ төмөндөгөн, жаңы саясий системанын түзүлүшүнүн башатында турабыз. Бирок, ошондой болсо да, өлкө башына келе турган президент Баш мыйзамыбыздагы өзгөрүүлөргө карабай, мамлекеттин жашоосунда башкы ролду аткарат. Андыктан эл шайлай турган президент өлкө тагдырына күйө турган татыктуу саясатчы болушу керек.

— Шайлоо алдында саясий лидерлерге карата ыпылас технологиялар колдонулат эмеспи, Өмүрбек Бабановго азыртадан эле асылуулар башталгандай…

— Буга чейин болуп өткөн шайлоолордун бардыгында ыпылас технологиянын колдонулганын айтып кетсем ашыкча болбос. Азыртадан эле кара пиарщиктер саясий лидерлерди жамандап башташты. Бүгүнкү күндө Өмүрбек Бабанов саясатчылардын арасынан жасаган иштери менен башка лидерлерден айырмаланат. Ал эми 17 миллион доллар кредит тууралуу ар кыл сөздөр айтылууда. Алынган акчага күрөө коюлуп, бизнес кылуу максатында алынган. Бул каражатка өлкөбүздүн аймагында ишканалар курулат жана миңдеген жарандарыбызга жумуш орундары түзүлөт. Бабановго карата каралоо иштери азыркы убакта эле жүргүзүлүп башталганы анын саясат айдыңындагы лидерлердин арасында алдыңкы орунда баратканын айгинелейт. Албетте, ар бир лидерге карата айтылган ар кандай сөздөр лидердин өзүнө, жакындарына өз таасирин тийгизери турган иш. Бирок саясий карьераны тандаган саясатчы бардык каралоого туруштук берүүгө даяр болуш керек. Ал эми ЖМКлар бийликке жана коомчулукка талапкерлер жөнүндө так, туура маалыматты жеткиришеби, бул башка маселе. Мен жөнүндө журналисттер эмнени жазса ошону жаза беришсин, болгону алар чындыкты жазышса болду.

— Талапкерлигин көрсөткөн саясий лидерлерге кандай кайрылуу жолдойт элеңиз?

— Эгемендүүлүктү алгандан бери кыргыз эли көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Эки революцияны башынан кечирди жана экономикалык каатчылыктын айынын миңдеген жарандарыбыз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетүүгө аргасыз болушту. Ошондой эле бул жылдагы кыш да узакка созулуп, кыргыз эли үчүн түмөн түйшүктөрдү жаратты. Ырас, эл мындай кыйынчылыктардын баарына муюбай чыдап келаткандан кийин саясатчылар элди өз кызыкчылыгына колдонбошу керек. Президенттикке талапкерлер өз программаларын элге көрсөтүшүп, дебаттарга чыгышсын, үгүт иштерин жүргүзүшсүн, бирок элди бөлүп-жарып үчүнчү революциянын келип чыгышына жол берилбесин. Анткени дагы бир революцияны кыргыз эли көтөрө албайт…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: