Menu

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Үй-бүлөөсүнөн ажырап жалгыз калган Жакшылык менен Султан эми батирлүү болот”

Бөлүшүү:

Дача-СУ айылындагы авиакырсыктан үй-бүлөөсүнөн ажырап, жалгыз калган Султан менен Жакшылыкка  батир маселесин жеке спонсорлор чечмей болду.

Кечээ, Жакшылыкка ЧоңөАлай районунун тургуну Калмамат Анапияев Бишкек шаарында курулуп жаткан, 2018-жылы колдонууга берилле турган көп кабаттуу үйдөн 1 бөлмөлүү батир бере турганын айткан. Мына ушундай жаңылыктан кийин дагы бир жалгыз калган Султан аттуу балага интернет колдонуучулары спонсор чыгат бекен деген пикирлерин калтырып жаткан. Бүгүн, Султанга дагы спонсор табылды.  Калмамат аке Бишкекке келген экен, кайра Ошко учуп атканда аны аэропортко узатып бардым. Жол катары кырсыктан жабыркагандарды сүйлөшүп бардык. Ал, “Ошко жетип мага банктан акча салып жиберем, аны жетим калган балдарга берип койчу”,- деп учуп кеткен. Кайра түнү чалып Жакшылыкка батир эле берейин деп чечтим деген. Бүгүн эрте менен Султандын дагы чоо жайын угуптур.

«Мен, кечээ Султан тууралуу маалыматым жок болгон экен, интернеттеги пикирлерди окуп калдым. Жетимди башынан сылап, анын көз жашын сүртсөң эң чоң сооп экен, экөөнө тең карап, ошол эле бүтүп жаткан көп кабатту үйдөн Султанга дагы бир бөлмөлүү батир берем. Жакшылык экөө кошуна, бири бирине караан, бир тууган болуп чоңойсун. Анан экөөнү тең мен өз баламдай каралашып чоңойтом»,-деп менден алардын дарегин сурады. Азыр дарегин издеп жатабыз, Калмамат аке Султан менен Жакшылыктын дарегин тактагандан кийин аларга барып жолугуп, кабар алмай болду.

Калмамат Анапияев Эл Аралык «Алыш» федерациясынын президенти, маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: