-Авиа кырсык болуп, эл кайгыга батып жатса, социалдык баракча аркылуу Т.Дөөталиеванын элди экиге бөлүп табалаган пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?
— Жогорку билимдүү, Кыргызстандын абройлуу окуу жайларынын биринде иштеп жатып ушундай акылга сыйбаган, жалпы кыргыз элине кыянаттык кылган, бөлүп жарган эң душман дагы айтпай турган сөздү айтканы бул өтө өкүнүчтүү. Бир четинен ал кызга, бир жагынан жогорку билимдүү деген интеллигенциянын өкүлдөрү бар экенине кайгырам. Биз тескерисинче ынтымактуу, жалпы элдин биримдигин даңазалай турган, биримдиктин сөзүн сүйлөй турган убакта тескерисинче мындай сөздү айтуусу ичтен ийри жылан деп коёт. Ага болушкандар, жан тарткандар дагы чыгып жатат. Алардын сезимдери болду жетишет, мындан ары акыл кирип калды деп жатышкандыр. Бирок мындай нерсе баарыбызга сабак болушу керек. Душман дагы айтпай турган нерсени кыргыз айтпоосу зарыл. Биз биримдикте болуп байыркы, ыйык, тарыхы кенен эл экенибизди далилдешибиз керек. Кыргыз касиеттүү элбиз. Бирок ушул касиетибизди сактай турган касиеттүү сөздөрдү сүйлөшүбүз зарыл, кесир сүйлөбөшүбүз керек. Болгондо дагы мындай сөз интеллигенциядан чыкпоосу зарыл.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ