Menu

Коррупция: Кубат Оторбаев КТРКда кандай коррупциялык иштерге барган?

Бөлүшүү:

Кубат Оторбаев Акыйкатчылык (Омбудсмендик) кызматка шайланганда эле көпчүлүк аны кабыл алгысы келген эмес. «Журналист болуп жүргөн адам кантип укук коргоочу боло алат?» деген суроону кабыргасынан коюшкандар болгон эле. Айткандай эле Кубат мырза бул кызматка келгени кайсыл карапайым адамдардын укугун коргоп жүргөнү белгисиз боюнча калууда. Эсибизде калганы анын террордук аракетке шектелген Максат Кунакуновду, андан соң кече жакында эле криминалдык топтун башчысы, үйүнен 12 даана патрон, бет кап, наручтиктер табылган К. Аскаровду коргоого алып, аны камакта жаткан жеринен Улуттук госпиталга жеткирүүгө салым кошкону болуп калды. Акыйкатчы деген террорист, криминалдардын эмес, карапайым элдин, коомчулуктун укугун коргошу керек эле го? Тилекке каршы, Оторбаев мырзанын андай ою жок окшойт.

Көрсө, башынан эле ар кандай мыйзамсыз аракеттери аркылуу «тыйын жасап» көнүп калган адамдын оңолушу кыйын экен. Кубат Оторбаев КТРКда башкы директор болуп турганда эле артынан көп сөздөрдү ээрчитип басып жүрчү. Бирок, анын баары азырынча ачыкка чыга элек.

Бул жолу биз биздин колго тийген бир фактыны коомчулук менен бөлүшүп коюну туура көрдүк. 2011-жылдын декабрь айында фильмдердин дубляжы жана которуу кызматын көрсөтүү үчүн КТРК тендер жарыялаган. Тендердин жыйынтыгы боюнча негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз болгон «Айтыш» коомдук фонду жеңүүчү деп табылып, аны менен келишим түзүлгөн. Айта кетүүчү жагдай, тендерге аталган коомдук фонддон башка катышуучу болгон эмес.

Тендердин шарты боюнча милдеттүү болгон келишимди аткарууда банктык кепилдикти «Айтыш» коомдук фонду көрсөтүшү керек эле. Бирок, аталган фонд андай кепилдикти көрсөтө албаса дагы, КТРК келишим түзүлгөн күндүн эртеси эле Коомдук фонддун эсептик счетуна 13,6 млн сомду которуп берген.

Муну менен бирге КТРК «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзамды одоно бузуу менен ошол эле декабрь айында фильмдерди которуу үчүн эч кандай тендери жок эле жеке жак менен дагы 4,2 млн сомго келишим түзгөн. Муну менен ал тиешелүү мыйзамды пайдалануудан качып, сатып алууларды бөлгөн. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча» мыйзамынын 2-беренесине ылайык сатып алган уюм сатып алууларды бөлүүгө же баасын төмөндөтүүгө укугу жок.

Мындай жол менен «Айтыш» коомдук фондунун жасаган ишине алар жасабаган эле 21 фильмдин котормосу (баасы 1,4 миллион сом) киргизилген. Чындыгында бул ишти башка жеке жактар жасаган. Мындай жол менен КТРКнын ошол учурдагы жетекчилиги «Айтыш» коомдук фондунун келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелеринин айрым бир бөлүктөрүнөн мыйзамды бузуу менен бошотуп койгон. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда бир эле жасалган жумуш үчүн жеке жактар да акча алса, «Айтыш» коомдук фонду да акча алган. Бул мыйзам бузуулар Эсеп палатасынын аудитордук текшерүүсүндө аныкталган.

Дагы бир кызык жагдайга токтололу. Которуу ишине катышкандардын айрымдары 18 жашка да толо электер болгон. Жогорку окуу жай түгүл, мектеп партасынан өйдө көтөрүлө элек улан-кыздар кан­тип сапаттуу которсун? Албетте, сапат тууралуу сөз кылуунун да кажети жок. Ушунун өзү К.Оторбаев КТРКдагы доорунда акчаны “адалдоону” мыкты оөздөштүргөнүн дагы бир жолу ырастабайбы?

Эгерде Кубат Оторбаев чыныгы Акыйкатчы болсо, ошол убактагы КТРКнын коррупциялык иш-аракеттерине да бир көңүл буруп койбойбу десең. Же өзүнүн көчүгүн өзү чукугусу келбей турабы? Андан көрөкчө террорист, криминалдардын укугун коргосо, чөнтөгү бир топ кампайып калып жатса керек да…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: