Menu

Түркмөнстанда кичи бизнес баштоодогу чыгымдар жогорулады

Бөлүшүү:

2017-жылдын 1-январынан тарта Түркмөнстанда кичи жана орто бизнес баштоо үчүн лицензия алууга байланышкан чыгымдар кымбаттады. Алсак, патент үчүн мамлекеттик салык дээрлик төрт эсеге жогоруласа, патент алуу үчүн милдеттүү болгон семинарлардын баасы эки эсеге көтөрүлгөн.

Эми уруксат алууну каалаган түркмөн жеке ишкери милдеттүү болгон 2 жумалык семинарларга катышуу үчүн 320 манат (расмий курс боюнча 91 АКШ доллары) төлөшү керек болот. Андан соң ишкердик патент алууга билдирме берүү үчүн салык органдарына дагы 720 манат (расмий курс менен 205 АКШ доллары) берүүгө туура келет.

2015-жылы киргизилген талаптарга ылайык, кичи жана орто бизнеске патент алуу үчүн 180 манат төлөө керек болгон. Семинарлар болсо 160 манатты түзүп, болгону төрт гана күнгө созулчу.

Түркмөн ишкери мамлекеттик салыкты төлөп, семинарларда окуп патент алгандан кийин милдеттүү түрдө Өнөр жайчылар союзуна 1600 манат (457 АКШ доллары) төлөшү керек. Андан сырткары алар союздун расмий органы эсептелген “Rysgal” гезитине жазылууга милдеттүү. Ал үчүн жылына 100 манат (29 АКШ доллары) төлөөгө туура келет.

Жаңы иш баштап жаткан ишкерлер үчүн уруксат алууга кеткен чыгымдар кыйла эле көп. Ашхабаддык 34 жаштагы Бегдурды – кичинекей соода жайын ачуу үчүн патент алууну каалагандардын бири. «Эгер менде кичи бизнес үчүн патент алууга талап кылынгандай акча болгондо, акча табуунун башка жолун издемекмин, мисалы, унаа сатып алып эл ташымакмын. Бизден талап кылып жаткан сумма абдан көп. Ал чыгымдарды жабыш үчүн карызга батууга туура келет», — дейт ал.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: