Menu

Рамзан Кадыров чечен аскерлеринин Сирияга жөнөтүлгөнүн тастыктады

Бөлүшүү:

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров республика жарандары Орусиянын коргоо министрлигинин аскер полициясынын батальонунун курамында Сирияда жүргөнүн ырастады. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жазды. Буга чейин Кадыров Сирияга жөнөтүлгөн чечен аскер кызматкерлери тууралуу билдирүүнү четке каккан.

Декабрдын башында “Известия” жана “Коммерсант” басылмалары Орусиянын Коргоо министрлигиндеги булактарына таянып, “чечен спецназынын” эки батальону сириялык Хмеймим авиабазасын коргоого жөнөтүлгөнүн жазган. “Кавказ.Реалии” долбоору Ханкаладагы орусиялык базада Сирияга баруу үчүн даярдык көрүп жаткан аскерлер тууралуу тасма жарыялаган.

Кийинчерээк “Новая газета” басылмасы өз булагына шилтеме берип, чечен бийлиги эки батальонду Сирияга жөнөтүүгө көрсөтмө бергенин, бул үчүн Мамдуманын депутаты Адам Делимханов жоопкерчиликтүү болуп дайындалганын жазган. Январдын башында чечен аскерлери үчүн кургакта жүргүзүлчү операция үчүн берилген кеңештер боюнча китепчелерди жарыялаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: