Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Боинг-747» авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) комиссия төрагасы Леонид Каширский менен жолугушту.
Леонид Каширский МАК атынан кырсыктын натыйжасында орун алган адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.
Ал Өкмөт башчыга МАК эксперттери авиакырсык орун алган жерде кыйроонун себептерин иликтөөнүн жыйынтыктоочу баскычын жүргүзгөндүгүн жана жакын арада кыргыз коомчулугуна толук маалымат берилээрин маалымдады.
МАК комиссиясы тараптан кырсык себептерин мындан аркы иликтөө иши Бишкекте улантылат.
Эске салсак, 16-январда «Боинг-747» учагы «Манас» эл аралык аба майданынын жанында, Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи Су айылында кырсыкка кабылган.
Кырсыктын кесепетинен 39 жаран каза болуп, анын ичинде төртөө экипаж мүчөлөрү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ