Menu

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүдө оппозиция өз планын сунуштады

Бөлүшүү:

Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Иран, Орусия, Түркия Сириядагы чагымдардын алдын алып, ок атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөгөн механизм түзүүгө макулдашты.

Бирок бул билдирүүгө сириялык оппозиция макул эмес. Алар ок атышууну токтотуу режимине байкоо салуу боюнча өз планын сунуштоодо. Оппозицияга документтеги “жөнгө салуу” деген сөз жаккан эмес.

“Биз бул жакка жөнгө салуу үчүн келген жокпуз. Биз Сириядагы бийликти өткөрүп берүүнү шарттай турган саясий чечимге жетишүү үчүн чогулдук. Бул ок атышууну токтотуучу биринчи этап аркылуу жүзөгө ашышы мүмкүн”, -деди сириялык оппозиция делегациясынын башчысы Мухаммед Аллуш.

Аллуш ок атышууну чындап токтотуу “гуманитардык чаралар” менен коштолушу керектигин айтты. Оппозиция тынчтык жараянына монитроинг жүргүзүүнүн альтернативдүү механизми – ок атышпоо режиминин бузулушунун масштабын жана бул үчүн жооптуу тарапты аныктоого жардам берет деген пикирде. Аллуш документ Түркия, Орусия, БУУнун расмий өкүлдөрүнө жөнөтүлөрүн баса белгиледи.

Бул арада Сириядагы оппозиция делегациясынын өкүлү Осама Абу Зейд үч өлкө сунуштаган мониторинг боюнча макулдашууга оппозициянын аскерлери кошулбай калганын айтты.

Сирия боюнча кийинки сүйлөшүү БУУнун көмөгү менен 8-февралда Женевада өтөт.

Ок атышпоо келишими өткөн жылдын декабрынын аягында кабыл алынган. Сирияда 2011-жылы демократияны жактаган демонстранттарды күч менен басуудан кийин тутанган жарандык согушта азыркыга чейин жүз миңдеген кишинин өмүрү кыйылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: