21 -январда кыргыз-тажик чек арасында жүз берген жаштар ортосундагы чатак боюнча зртеси орун алган сүйлөшүүлөрдөн кайрадан жаңжал чыккан. Абалды жайгаруу үчүн жүргөн Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова ортодо ур-токмокко алынган. Азыр ал Баткен облустук ооруканасында.
“Чатак эч кимге жакшылык алып келген эмес, андан көрө кеткиле деп тажикче түшүндүрүп жатсам, Тажикстандын эки жараны мени колумдан сүйрөп кетти. Менин артымдан чуркаган кыргызстандыктарды таш менен урушту. Биздикилер да да таш ыргыта баштады. Бир маалда жыгылып түштүм. Тепкилешти, бирөөсү чоң таш менен урду”, – дейт Өсөрова.
Ал 22-январда тез жардам унаасы менен ооруканага түшкөн. Денесинде көк ала тактар бар, стресс абалында. Анализдери толук чыга элек.
Айыл башчыдан башка жарандар да жабыркаган. Анткени чыр чыккан учурда эки тараптан тең таш атуулар болгон. Андан төрт автоунаа жана бир үйдүн терезелери сынган. Бул чыгымдарды кайтаруу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн Кыргызстан жана Тажикстандын күч түзүмдөрү териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Чек арадагы абал азыр тынч. Эки тараптуу сүйлөшүү, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
2016-жылы тажик-кыргыз чек арасында жети ирет чыр-чатак орун алган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымга созулат, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы аныкталбай турат.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ