Menu

Табышмактуу жүк – Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты: “Жүк контрабанда болгон болсо, аны элден жашырбай ачык чыгаруу зарыл”

Бөлүшүү:

— Алмамбет Насырканович, сиз кечээ телеканалдардын биринде өлүм алып келген учактын ичиндеги сырдуу жүк тууралуу Кыргызстандагы жеке менчик банктардын биринен Гонконгго акча которулганын айттыңыз. Кайсы банктан, ким жибергенин изилдеп чыга алдыңыздарбы?

— Бир фирманын атайын эсебине 282 миң доллар акча түшүптүр. “Азаттыктын” кабарчыларынын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак, которулган акча тууралуу дүмүрчөк жарылып кеткен учактагы төгүлгөн жүктүн арасынан табылды. Эмне үчүн Стамбулга кетип бара жаткан учакта Бишкектеги которулган акчалар тууралуу документтер болот? Журналисттерге берген маалыматында фирманын ээси “Менин учакка эч кандай тийешем жок. Биз жөн гана муздаткыч ташып иштейбиз” деп жатат. Каржы министринин ачык порталынан ошол фирманы издегенде алар ири суммадагы салык төлөп жүргөн фирма экен. Көбүн эсе бажы пошлинасын төлөп, сырттан товар алып келген фирма экени маалым болду. Алар болсо эч кандай контрабандага тийешебиз жок дешти. Бирок аны убагында тергөөлөр аныктайт.

 Бул окуя көптөгөн суроолуу пикирлерди жаратып койду окшойт?

— Ооба, көптөгөн суроолор бар. Бирок ошол суроолорго көптөгөн ынанымдуу түз жооптор жок. Мисалы, эмне үчүн туман болуп жатса каргашалуу учак Алма-Атанын аба майданына барбай, бизге конот? Эмне үчүн түрктөр биринчи билдирүүсүндө учактагы жүк Бишкекке келет деген да, кайра биздин учак май куймак дешти? 3-жолку берген расмий маалыматында май куймак эмеспиз, экипажды алмаштырмакпыз деп жатышат. Экипажды алмаштырса бул жерде экипаж күтүп турмак. Кайсыл экипаждар, алардын аттары кимдер? Эмнеге аларды коомчулукка алып чыгышпайт? Эгер алар чын эле күтүп жатса, ошол күнү коомчулукка чыгып, өздөрүн тааныштырмак, сөөктөр менен кошо жүрүшмөк. Учуп бара жатып эле алмаштырбайт беле, конуп убара болбой? Калптын казаны кайнабайт болуп, ынанымсыз, тескерисинче шек жаратуучу жоопторду берип жатышат. Булар сөзсүз учакка май куюш керек болчу, түз жете алмак эмес десе, Эл аралык эксперттер “Кулаган учак 9000 чакырымга уча турган күчтүү учак, конбой эле кете алмак”- деп жатышат. Кыргызча аныктамалары жазылган баракчалар дагы күмөн жаратып жатат. Кыргызстандын каржы полициясы тарабынан өткөн жылдын 16-октябрында козголгон кылмыш иши бар. Анда 45 тонна аба майдандан келе жаткан контрабандалык товар кармалып, ал кийин сот тарабынан кандайдыр бир себептер менен оңой олтоң кутулуп чыгып кетип жатат. Ушул жагдайлардын баардыгын бириктирсек, өзүнөн өзү бул жерде бир нерсе бар деген шек туудурат. Албетте муну депутаттык комиссия терең изилдеш керек. Келечекте бул иштин баардык чындыгы акыры чыгат. Контрабанда болсо контрабанда, болбосо башкача болуп жалгыз чындык чыгат.

 Өкмөт биринчи чыккан маалыматты туура деп таап атпайбы?

— Эң таң калтырганы дагы Өкмөттүн позициясы болуп жатат. Жалпы кыргыз эли шектенип жатса алар шектенбейт. Алар деле биз дагы текшерели деп койсо болмок. Тескерисинче алар биринчи күндөн баштап, контрабанда жок деп актанууга өтүп, жактоочулук менен алектенип калышты. Өкмөт башкача ойлонобу, же Өкмөттөгүлөр элден башкача ой жүгүрткөн адамдарбы? Алар деле шектениш керек эле да? Эмнеге эки башка жооптор келип жатат деп ойлонуп койгон жок. Тескерисинче биринчи эле күндөн баштап актана баштаганы шектенүүнү күчөтүп жатпайбы? Ошондуктан Өкмөт өзү комиссия түзүп иликтеп баштаса туура болмок.

 Түрк авиа компаниясы биздин аба майдандын диспетчерлерине күнөөнү оодарууга аракет кылды. Бирок ошол күнү 11 учак ийгиликтүү конуптур…

— Негизи аба ырайы туман болуп конууга мүмкүнчүлүк болбой жаткан убакта учактар жакынкы мамлекеттерге барып конот. Учуу ыкмасында ушундай эрежелер бар. Керек болсо Москвадан жарандар учуп келе жатса дагы Алматыга кондурат. Туман болуп жатканда аба майданга конгонго болбойт деген эреже бар. Анткени 300 метрден учактын экипаждары конуу жолдорун көрүү мүмкүн эмес болсо конбош керек. Биринчи күнү ошол түрк авиа компаниясы биздин диспетчерлерге күнөө койгон маалыматтар чыккан. Эми бирин-бири күнөөлөй беришет да. Эң негизгиси бул кандай болсо ошондой болуусу зарыл. Негизи болбогон нерсени болду деген чоң күнөө. Ошондуктан бул окуя кандай болсо дал ошондой чындык чыгат. Чындык экөө эмес, бирөө эле болот. Эгерде жүк контрабанда болгон болсо, аны элден жашырбай ачык чыгаруу зарыл. Эгерде болбосо көбүртүп-жабыртып болбогон нерсени болду деген такыр туура эмес. Ошондуктан баарыбыз сабырдуулук менен күтөлү, күтүп турсак эле чындык чыгат. Мүшөккө шибегени ката албагандай эле кеп. Чын эле контрабанда болуп, мунун баарын жашырып жаап кетебиз десе кээ бирөөлөр терең жаңылышат, эч качан анте албайт. Сөз эркиндиги, журналисттер, Эл аралык коомчулук киришкенден кийин бул чындыкты эч ким жашыра албайт. Баарыбыз биригип ушуну күтүшүбүз абзел.

— Учурда компенсация маселеси да курч бойдон турат…

— Дача-СУ аймагындагы жашоочулар биздин жарандар, атуулдар. Кандай болгон күндө дагы компенсация төлөнүп берилиши керек. Бул жерде бюрократияны токтотуп, баарына адилеттүү мамиле жасап, компенсация төлөп берүү зарыл. Бирөөнүн каны төгүлүп атса жазасын албай, акчасын төлөп бербей коюу Кудай менен мыйзамдын астында өтө чоң күнөө.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: