Menu

Азамат Кыязов, журналист: “Урматтуу Алмазбек ага! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды”

Бөлүшүү:

Урматтуу Алмазбек ага!
Сиз, кечээ өлкө элин президент катары алтынчы жолу жаңы жыл майрамы менен куттуктадыңыз. Анын ичинде мени да. Мен дагы жооп катары, Сизди бир ирээт куттуктагым келди… Сиз, катчыңыздын даярдап берген көркөм куттуктоосун окуп куттуктасаңыз, мен өз дилимден чыккан чыныгы каалоомду жазып куттуктайын…
Береги сүрөткө 2006-жылы, Сиз Бакиев-Кулов тандемин «талкалап», премьер-министр боло элек кезиңизде түшкөнбүз. Ошо тапта тарапташыңыз раматылык Мелис Эшимкановдун «Агым» гезитинде жооптуу катчы элем. Шефибиздин гезитине, өзүңүз айтмакчы, андагы «мерседес минген чоң бай» адам катары, кез-кез пулдай-каражат берип, идеялаш, багытташ болгондугуңуздан улам, Мелис байкебиз да Сизге тынымсыз колдоо көрсөтүп, марттыгы ашынып кабарчыларды каптатып ийчү. Бирибиз диктофон, бирибиз фотоаппарат көтөрүп алып, кайда барсаңыз ошол жерде жүрчүбүз. Сиздин айткан-деген айбаттуу ойлоруңузга таасирленип, образга киргендиктенби же оппозициялык гезитте иштеп, өзүбүздү «оппозиционер» сезгендиктенби, Сизге жанаша тура калып сүрөткө «чырк» эте калмай адатыбыз бар эле. Тиги ирмем ошондой күндөрдөн калган элес. Ала-Тоо аянтына түмөн элди чогултуп алып «ажыдаар жөнүндө жомок» айтып турган, бетпардаңыз толук ачыла элек, «сүттөй ак» учуруңуз…
Ооба, ал күндөгү Атамбаев менен бул күндөгү Атамбаев таптакыр башка. Алмазбек ага, бүгүн мындан он жыл илгери айткан жомогуңуздун каарманы болдуңуз. Сиз такка отургандан кийин ажыдаарга айланып кеттиңиз! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды. Шоопуруңуз “олигарх” болуп чыга келди. Өзүңүздү курчаган “техникалык” кызматчыларыңызга элди басып бердиңиз. Жан сакташ үчүн, камалып калбаш үчүн СДПКнын ырын ырдаш керек экенин Пирматовдон сурасаңыз, обон кошуп созуп береттир. Сиздин кадырыңызды чоркок кадрларыңыз менен кошоматчы кеңешчилериңиз биротоло жалпайта тебелешти. Бирин-экин мисал тарта кетейин, апрель окуясынын, Ош, Жалал-Абад коогалаңынын жыйынтыгын же камала калып кайта бошотулуп жаткан кит коррупционерлердин темасын козгобой эле коёюн, Сарпашевиңиздин «ток-шоу» шайлоолорун, Сегизбаевиңиздин «гейт-дейттерин», Сариеваңыздын «современный окуу китептерин” кичине “үлп” эткизсек жетиштүүдүр. Каниет кылганыбыз тынчтык. Бирок ал тынчтыкты Сиз эмес, Эл сактап турат. Анткени, чуу чыгарчу оппозициячылардын баары Акүйгө небак жайланышып алышкан. Ошого да карабай, бириңди-бириң чукуп, бириңе-бириң актанып, бийликте экениңерди унутуп калып, абийириңер кетип отурат. Өкүнүчтүүсү, коом ушуну “саясат” деген түшүнүктө кароодо. Тагыраагы, колунда бийлиги бар эки бизнесмендин кер-мур айтышуусун “саясат” деңгээлинде шөкөттөп, кыргызга сиңирдиңер. Акыркы аракеттериңиз, “көзүр” партияңыздын көзү менен тең айланган “клон” партияларыңыз, “рефлекс” референдумуңуз, орусчул кадамдарыңыз, “өкүл ата” жүрүштөрүңүз – “Мен бийликтен кетпейм!”, – дегендик эмей эмине?! Жок, байке, ошол опуртал оюңуздан кайтыңыз! Кыргызстанга түбөлүк бийлик жүргүзүү үчүн сөзсүз эле президент же премьер-министр болуу шарт эмес, Үсөн аке Сыдыковдой “серый кардинал” болуп алып, идеясын ишке ашыра берүү алда канча натыйжалуу. Ана, небересин Бишкек шаардык кеңешине депутат кылды. Мына, Сиз даңктаган кандуу “революциянын” жемиши! “Коктуну ойлобой коомду ойло!”, – деген урааныңыздын маанисин, паспорттон “улут” графасы жоюлганда түшүндүм. “Чөгөлөбөйбүз”, “тизелебейбиз” деген лексиконуңуздун жандырмагын – кечээги мээзордук референдумуңуздун соңунан чечмеледим. Сиз кебиңиздин маңыздуу жерине басым коюп, эки кайталап сүйлөйт эмессизби, мен да сөзүмдүн маанилүү моментин эки кайталайын – Азгырылбаңыз!.. Азгырылбаңыз!..
Сиз окуган жаңы жылдык куттуктоодо биримдик, ынтымак, тынчтык болсун деген тилектер айтылды, ылайым ошондой болсун! 2016-жылдагы эң башкы ийгиликтерди: “Үркүнгө куран окуттук, “Көчмөндөр оюндарын” өткөрдүк, “Азия-микс” жеңди”, – деп санап, кубандыңыз. Кубанычыңыз кут болсун, кошулам, бирок, мен бул ийгиликтерди – өлкөнүн өнүгүүсү деп тааныбайм. Эгерде, Үркүнгө арналып, мамлекеттин эсебинен татыктуу кино тартылса, Үркүн азабын көргөндөрдүн укум-тукумун аныктап, аларга социалдык жеңилдиктер каралып, ага Орусия жетекчилигин көңүл бурдура алсак, жок дегенде ошол ата-бабаларыбыздын арбактарын коргоп “элдик көтөрүлүш” деп кайпактабастан “баскынчылык саясаттын курмандыктары болушкан” деген саясий бааны ачык бере алсак… “Көчмөндөр оюндары” өтчү ипподромду “Газпром” эмес, өзүбүз куруп алган болсок, макул дейт элем. Ал эми, “Азия-микс” тобу – бул өнөрпоз балдардын жеке таланты менен жараткан ийгилиги да. Менимче, мамлекет үчүн жылдын жыйынтыгы экономикалык, өндүрүштүк көрсөткүчтөр менен өлчөнгөнү олуттуурак го… Маселен, мен “4 миллиард тышкы карызыбыздын 5 миллионунан кутулдук”, “эмгек маяналар 50 пайызга жогорулады”, “товарлар 30 пайызга арзандады”, “момунча миллион продукция өндүрдүк”, “баланча км. жол, оорукана, мектеп, бала-бакча, курдук” ж.б. деген сыяктуу жыл жыйынтыгын уккум келет. Эми, бул көз карашым ийгиликти – концерт, байлыкты – “Мерседес”, “Москвич” менен өлчөгөн адамга жакпасын билем, андыктан, мени “балашка” же “баклажка” деп шылдыңдап койсоңуз деле таарынбайм. Сизге көпчүлүк таарынбай деле калганын, балким, байкай баштагандырсыз. Байкаган болсоңуз, кыргыз эли чектелген эркиндикте жашап көнбөгөнүн эсиңизден чыгарбаңыз. Азчылыктын кызыкчылыгы үчүн көпчүлүктүн укугун чектөө калыссыздык. Хан кендирин калыссыздык кесип келбедиби… Улут келечегине кайдыгер карабаган жаран катары, “журналисттик түйшөлүү” менен күн кечкен кесипкөй катары оюмду чала-чопкут айта кеттим.
Кымбаттуу Алмазбек ага, ушул жаңырган 2017-жыл, Сиз үчүн бурулуш жыл болсун! Сиз майнапсыз мансаптан, билгисиз бийликтен кутулуңуз! Сиз ажо болбой калсаңыз жаны үзүлүп кетчүдөй болгон аттан түшсө да, ээрден түшпөгөн балекет-салекеттерден, “премьер-сремьер” деген “кара-дубалардан” арылыңыз. Электрондук эмес, элдик шайлоо өткөрүүнү шарттаңыз. Сиздин ордуңузга абийирдүү, эрктүү, чечкиндүү, намыстуу, саясий тажрыйбасы мол, стратег, ичкилик ичпеген, ыймандуу, калыс, улутун сүйгөн, “соодагер” эмес, кеменгер, чынчыл, акылдуу, таза, башкысы “жүрөгү бар” президент келишине жол ачыңыз. Бул Сиздин кыргыз эли үчүн жасаган зор эрдигиңиз болот. Сиздин качып-бозбой, каргышка калбай, эл ичинде ардактуу инсан бойдон калышыңызды, кыргыздын төрүндө дөөлөттүү карыя болушуңузду Кудайдан тилейм. Кыргызстандын тынчтыгы Сизге көз каранды, бийликти тынч өткөрүп бериңиз! 2018-жылды буга чейинки президенттерден он эсе күчтүү президенттин куттуктоосу менен тосолу! Ден-соолукта болуңуз…

Азамат Кыязов, журналист

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: