Menu

Калктын жонунан кайыш тилген Болот Абилдаевдин кыргызда кетпес кеги барбы?

Бөлүшүү:

Кыш күрөөдө күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа күн сайын көтөрүлүп, «мертвый сезондо» элди жакшы эле күйгүлтүккө салууда. Өлкөбүздү көгүлтүр от жана күйүүчү май менен «басып алган» «Газпром» ишканасы күн санап өсүп аткан кымбатчылык боюнча тыңгылыктуу үн катпай келет. Башкасын айтпасак да, күйүүчү майдын куну коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде кымбаттап жатканын адистер да айтышууда. Кыскасы, «Газпром» калктын жонунан кайыш тилгенин токтотчудай эмес. Эсиңерде болсо, «Кыргызгазды» алаарда дал ушул океңдердин «Газпрому» өлкөбүзгө кандай гана убадаларды беришти эле? Кана ошолор? Майды кымбаттатып, анын арты менен карапайым калктын жонунан чогултулган акчаларга спорт зал салып, анысын «кылымдын ачылышы» катары пиарлаштын кереги бар беле? Теги казак Болот Абилдаев элге күйүп деле жарытпайт. Акаевдин учурунда К.Иманкулов, М.Малабаев, К.Жумалиев баштаган табакташтары менен кыргызга кетпес кегиндей иш кылышып, элдин ырыскысын тартып алган неме бүгүн элибизге жан тартмак беле? Кыскасы, Абилдаевден жакшылык күтүп деле кереги жок. Мындай шартта өкмөт бул көйгөйгө олуттуу мамиле кылбайбы? Минтип отурса жазга карай дыйкандарыбыз да кандай даярдык болсун? Кымбатчылык каптап, кырдаал оорлоп баратканда «отко май тамызгандай» образды жаратышып, кыйнашпасын да элди.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: