“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынын өткөрүп, Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана андан кийинки аймак жетекчилерин шайлоолор ыплас жана мыйзамсыз өтүп жатканын фактылар менен белгилеп, быйыл күзүндө өтчү президенттик шайлоону таза жана акыйкат өткөрүү үчүн Коомдук-саясый күчтөрдүн “Таза жана акыйкат” бирикмесин түзүүнү сунуштады. Бул бирикме президенттик шайлоону тыкыр көзөмөлгө алып, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого жана шайлоо боюнча мыйзамдарды бузууга жол бербеш керек.
Видео: “Сентябрь”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ