Menu

Трамп: иммиграциялык эрежелер «мусулмандарга тыюу салуу» эмес

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп  калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн мамлекеттердин жарандарын киргизүүгө убактылуу тыюу салган жарлыгын туура деп эсептейт. Ал Кошмо Штаттар аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү иммиграциялык көзөмөл чаралары белгиленгенден кийин үч айдын ичинде калыбына келтириле турганын билдирди.

Трамп мындай билдирүүсүн 29-январда, Кошмо Штаттарда жана башка өлкөлөрдө нааразылык акциялары башталгандан кийин жасады. Алардын көз карашын бир топ америкалык мыйзам чыгаруучулар да колдоп жатышат.

«Америка иммигранттардын кадыр-баркын сыйлаган өлкө болуп эсептелет жана биз кысым көрсөтүүлөрдөн, азаптан кутулууга аракет кылгандарга кайрымдуу болуубузду улантабыз, бирок ошол эле маалда өз жарандарыбызды жана чек араларыбызды коргойбуз. Америка дайыма эркин жана кайраттуулар мекендеген жер болгон», — деп билдирди Трамп.

Анын айтымында, киргизилген чаралар «ММКлар билдирип жаткандай мусулмандарга тыюу салуу» эмес. Ал кабыл алынган чаралардын динге тиешеси жок экенин жана өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого багытталганын айтты. Ошол эле маалда Трамп кол койгон жарлык 40тан ашык мусулман өлкөсүнө тиешеси болбогонун айтты.

Акүйдүн аппарат башчысы Райнс Прибус иммиграциялык чектөөлөрдү колдоп, 28-январда Кошмо Штаттардын аэропортторундагы миңдеген адамдар катышкан башаламандыктар тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: