Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Президентинин Жарлыгына ылайык, 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, Эл аралык эне тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил жана адабият: ыйман, адеп жана маданияттын табыгый булагы” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Конференция 21-февралда саат 10.00дө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң азем залында өтөт.
Конференцияда пленардык жыйын жана төмөнкүдөй секциялар иштейт:
1-секция. Мамлекеттик тилди окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо
2-секция. Адабият адептүүлүктүн, ыймандын жана маданияттын өзөктүү каражаты
3-секция. Терминология жана котормонун түйүндүү маселелери
4-секция. Көп тилдүү билим берүүнүн көйгөйлүү маселелери жана келечеги
Конференцияга макалалар 2017-жылдын 17-февралына чейин [email protected] электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ