«РАЖ» фракциясынын экс-лидери Руслан Казакбаевдин уулу Нурсултан 2009-жылдан тарта чет өлкөдө жашайт. Ал өзүнүн соцтармактагы баракчаларына жазганы боюнча 2009-2011-жылдар аралыгында Нидерландда прикладдык илимдер Университетинде окуган. UniPage порталынын маалыматы боюнча окуу жайдын акысы жылына 10 миң доллардын тегерегинде.
Андан кийин Нурсултан 2011-2013-жылдар аралыгында Англиянын Де Монфорт университетинде билим алган. Бул окуу жайдын төлөмү 20 миң доллардын тегерегинде.
Ал эми соңунда Нурсултан Казакбаев Саss Business School (Лондон университетинин бизнес мектеби) магистратурасына тапшырган.
Мындан тышкары ал Бишкектеги «Кыргызстан» банкында тажрыйба өтөгөндүгү маалым.
Ал эми кичүү уулу Алтай мектеп окуучусу, «Грамотеи» деген жеке менчик мектепке барат.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ