Президент Трамп дүйшөмбү күнү кечинде миграция боюнча жарлыкты аткаруудан баш тарткан юстиция министринин милдетин аткаруучу Салли Йетсти отставкага кетирди.
Йетсти бул кызматка Барак Обама дайындаган. Ал жаңы юстиция министри Жефф Сешнс Сенат тарабынан бекитилгенге чейин иштеп турмак. Дүйшөмбүдө ал качкындарды кабыл албоо боюнча президенттин жарлыгын соттоо коргобоо тууралуу кол алдындагыларга көрсөтмө бергенин билдирген. Бир нече сааттан кийин Акүй Йетс мыйзамдуу жарлыкты аткаруудан баш тартып, юстиция министрлигине каршы чыккынчылык жасаганы тууралуу билдирүү тараткан.
Буга чейин Сенаттагы демократтардын лидери Чарльз Шумер президенттин жарлыгын жокко чыгаруу боюнча резолюцияны добуш берүүгө коюуга аракет жасаганы менен республикачылар бул кадамга жолтоо болуп коюшту.
Өткөн дем алыш күндөрү айрым федералдык соттор жарлыктын бир нече бөлүгүн, анын ичинде качкындарды кайра мекенине жөнөтүү аракеттерин токтотту.
Барак Обама мураскорго сын айтпоо боюнча салтты бузуп, Трамптын көрсөтмөсүнө принципиалдуу түрдө каршы экенин билдирип, америкалык аэропорттордогу каршылык акцияларын колдоду. Обама дин өзгөчөлүктөрү боюнча элди кодулоо туура эмес экенин айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ