Чет өлкөдө билим алган түркмөн студенттерге акча жөнөтүү оорлоду. Окуунун баасы көрсөтүлгөн справкасыз каражат которууга болбойт. Маалымкатта жазылган суммадан ашык акча салууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларда билим алган студенттер кабарлашууда.
“Маселен, окуунун баасы 200 доллар турса, үйдөгүлөр бул суммадан ашык акча сала алышпайт”,- деди Беларуста окуган студент. Орусияда окуган студент болсо окуу жайдын маалымкаты жок акча гана которуу эмес өлкөдөн чыгууга да тыюу салынганын билдирди.
Түркмөнстанда акча которуу өтө машакаттуу иш. Чет өлкөгө акча жөнөткөн киши күбөлүгүн көрсөтүп, жашаган жеринен справка, кирешесинин көлөмү тууралуу маалымат бериши керек.
“Менин ата-энем жарым жылдан бери акча жөнөтө албай жатат. Каражат жоктугуна байланыштуу ар-кыл жумушта иштеп жүрөм”, – деди Украинада окуган студент.
Түркмөнстанга акча жөнөтүү дагы оор. Өлкө талаптары боюнча акча ала турган адам каражат жөнөткөн кишинин кирешелери жана анын менен тууган экенин аныктаган документтерди көрсөтүшү керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ