Рекс Тиллерсон АКШ Сенатынын колдоосун таап, мамлекеттик катчы кызматына бекитилди. Анын талапкерлигин 56 сенатор колдоп, 43ү каршы добуш беришти.
Тиллерсон Мамлекеттик департаменттин 69чу башчысы болуп калды. Буга чейин ал ExxonMobil мунайгаз корпорациясын жетектеген. Тиллерсон ондогон жылдардан бери Кошмо Штаттардан мунай экспорттоого салынган тыюунун алынышын жана суюлтулган газды экспорттоо боюнча долбоорлорду колдоп келген.
2016-жылы 13-декабрда Тиллерсон Дональд Трамп тарабынан америкалык дипломатиянын башчысы кызматына көрсөтүлгөн. Орусияга каршы санкциялар киргизилгенге чейин анын Exxon Mobil компаниясы орусиялык «Роснефть» корпорациясы менен бир канча биргелешкен долбоорлорго ээ болгон жана чектөө чараларынан кийин бир топ чыгашага дуушар болгон.
Эксперттер кызыкчылыктар кагылышы ыктымалдыгына байланыштуу Тиллерсондун талапкерлигине карата түрдүү бааларын беришүүдө. Тиллерсон мурда башчылык кылган Exxon Mobil мунай компаниясын Орусияга каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетүүгө кызыктарлыгын көрсөтүүдө деп бир канча жолу айыпташкан. Сенаттагы угуулардын жүрүшүндө Тиллерсон чектөө чараларын жана «Магнитский мыйзамын» колдоду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ