Жакында эле «Сөз эркиндигин коргоо комитети» тарабынан уюштурулган тегерек столдордун биринде «бир кундүк министр» каймана атка конгон генералыбыз Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын учурдагы абалы туурасында сөз чубаптыр. Кеңешбек мырзанын сөзүнө ишенсек, «үч тамга» азыр компетенттүү жетекчилеринен айрылып, кадрдык кризиске учурап турган кези экен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, К.Дүйшөбаевдин бул пикирин уккан атайын кызматтын ардагерлери орус элинин «чья бы корова мычала, а твоя бы молчала» деген сөзүн айтып жатышат дейт. Алардын пикиринде УКМКнын ишмердүүлүгүнө «кадрдык милиционер» баа берип жатканынын өзү компетенттүүлүккө жатпайт. Же болбосо тагдырдын тамашасы менен УКМКны убактылуу башкарып калган Кеңешбек мырза, бул тармакта жетишээрлик тажрыйба топтодум деп ойлоп жатабы? Балким УКМКны жетектеп турган кезинде бирдеме топтогон чыгаар, бирок ал тажрыйба эмей эле, башка нерсе болуп жүрбөсүн, Кеңешбек мырза? Айтмакчы, компетенттүүлүк турасында сөз кылаардан мурун, ага-ини Марат, Максим Бакиевдерден калган автоунаалардын дайынын айтып койсоңуз болмок. Алгач ушул суроолорго биз сизден «компетенттүү» жоопторунузду күтөбүз. Калган суроолор кийин болот.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ