Menu

Видео – Адахан Мадумаров: “Эл калыс болгондо бийлигиң калыс болот. Эл таза болгондо бийлигиң таза болот. Эл бузулса бийлигиң кошо бузулат”

Бөлүшүү:

«Аида Салянова оппозициялык көз карашка өткөн жок, тек гана болгонун болгондой айтып жатат. Бүгүнкү күндө чындыкка арамдык оппозицияда, жалганга чындык оппозицияда, акка караңгы оппозицияда. Ошондуктан Салянованын оппозициялык көз карашка атырылып эле чыгып кеткенин байкаган жокмун, тек гана болгонун болгондой эле айтып койсо бийликке жакпай жатат.

Экинчи маселе бул бийликтин абийирсиздиги. Ачык эле айтышыбыз керек, бул бийлик абийирсиз! Салянованын эски бир болбогон кылыктарын чукуп, таап  чыгышы бул бийликтин алсыздыгы жана абийирсиздиги. Азыркы бийликте иштеп жаткандар муну билишпейт, четинен сабатсыздар. Тескерисинче сырттан чыгып кеңеш сурап жатышпайбы, «муну-муну эмне кылалы? Мындай кылсак болобу? Тигиндей кылсак болобу?» деп. Ошол сабатсыздардын заманында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн бири катары баалаш керек.

Атамбаевдин Абдил Сегизбаевди жумуштан албай жатышы бул хандын сөзү эки эмес жети болуп кеткенин көрсөтөт. Ар бир жерге барганда башка-башка сөз кетип жатпайбы. Эми аны эрө-төрө албай калбадыбы… Эл деле таңгалычтуу да, унчукпайт да, баштагы заман болгондо эгер бир жерден сөздөн жаңылсаң жарга такап алчу. Ушул эле биздин эл. Бүгүн эмнеге уктап жатат түшүнбөйм. Эгерде башка киши ушул сөздөрдүн жүздөн бирин айткан болсо аны Акүйдүн башына желек кылып илип алмак. Мобу момундай деп сүйлөдү деп. Бакиевдин «кыш суук болот экен, тезек терип алгыла» деген сөзүн ушу күнгө чейин айтып жүрүшпөйбү. «Тезек тергиле» деген сөз бүгүнкү мамлекет башчысынын айткан сөздөрүнүн алдында жаш баланын оюнчугу болуп калбадыбы. Эмне үчүн бул сөз көтөрүлбөйт? Маселе ушунда! Эл дагы калыс болуш керек. Калыстыктан тайбаш керек. Эл калыс болгондо бийлигиң калыс болот. Эл таза болгондо бийлигиң таза болот. Эл бузулса бийлигиң кошо бузулат. Пейлибизди одошубуз керек…

Сөзүндө турбайт. Бир күндө беш жолу өзгөрүп турат….

Булак:  Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: