Menu

Фото – Областтык коллегияда уктап калган жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурган жетекчилерге акыркы эскертүү берилди

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 25-январында жыл жыйынтыгы чыгарылган Жалал-Абад областтык коллегиясында уктап калган жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурган бир катар жетекчилерге областтык өкүлчүлүктүн жетекчилиги тарабынан акыркы эсертүү берилди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Жыл жыйынтыгы чыгарылган областтык коллегиянын жыйынында Аксы районунун Кербен шаарынын вице-мэри Капар Мырзамамытов, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик өнүктүрүү фондунун областтагы өкүлү Миразиз Аширов жана республикалык Мамлекеттик байланыш комитетинин РПО РМТРдин жетекчисинин орун басары Казыбек Тоголоковго акыркы эскертүү берилди. Жогоруда ысымдары аталган мамлекеттик кызматкерлер өз кемчилдиктерин толук моюндарына алышып, мындан ары областтык коллегиянын жыйыны мезгилинде этикага жатпаган мындай одоно жагымсыз көрүнүштөрдү кайталабоого өздөрүнүн түшүнүк каттарында жазып беришти.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев аппараттын жыйынында мындан кийин областтык коллегияда жана мамлекеттик иш-чаралар өткөрүлгөн маанилүү жыйындарда уктап калышкан жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге алар ким экендигине жана ээлеген кызматтарына карабастан андай жетекчилерге кызматтан алуу сунушу берилээрин эскертти.

Эскерте кетсек быйылкы жылдын 25-январында жыл жыйынтыгы чыгарылган областтык коллегиянын жыйынына КРнын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышкан. Ал жыйында уктап калган жана уюлдук телефондорун чукулап ойноп олтурушкан бир катар жетекчилер “7 канал D” телеканалынан көрсөтүлгөн.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: