Menu

Өзбекстан Ислам кыймылынын лидеринин уулу жаштарды ИМ тобуна тартып жүрөбү?

Бөлүшүү:

Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдаштын  уулу Ооганстандын түндүк-батышындагы Сари-Пуль провинциясында турат. Бул жерде ал жаштарды “Ислам тобунун” катарына кошууга даярдоо менен алектенерин “Фергана” агенттиги Tolo News басылмасына таянуу менен билдирүүдө.

“Гумилев Борбору” порталынын маалыматына караганда, Сари-Пуль провинциясынын губернатору Захир Вахдат бир нече убакыт мурун Тахир Юлдаштын уулу чек арага жакын жайгашкан Сайёд жана Коштепе аймактарындагы айрым кыштактарда жашап, кийин ал жактан кеткенин кабарлаган. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес.

Тахир Юлдашевдин уулу тууралуу дээрлик маалымат жок. “Фергана” маалымдагандай, ал Өзбекстандын Наманган шаарында 1990-жылдардын башында туулган. 1993-жылы Тахир Юлдашев бул өлкөдөн үй-бүлөсү жана туугандары менен бирге Ооганстанга качып кеткен. Ал санаалаштары менен бирге кийинчерээк Өзбекстан Ислам кыймылын түзөт. Тахир Юлдашов 2009-жылы өлгөндөн кийин 2014-жылы кыймыл “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганын жарыялайт.

Сари-Пуль провинциясынын губернатору аймактагы коопуздук боюнча кырдаалга тынчсызданып, террорчулар Кохистанат аймагында жүргөнүн айтып, ал жакта тезинен ири масштабдуу аскердик операция жүргүзүү зарылдыгын белгилейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: