Түркмөнстанда салык кызматынын өкүлдөрү соода борборлорун кыдырып, азык-түлүктөрдү өкмөт бекиткен – арзан баада сатууга мажбурлап жүрүшкөнүн соодагерлер билдиришүүдө.
Бир нече жылдан бери Ашхабад базарларында “кош баа” өкүм сүрүп келет. Азык-түлүктөрдүн чыныгы наркы жазылган суммадан 40-60% жогору.
Соодагерлер өкмөт өкүлдөрү азык-түлүктөрдү төмөн баада сатууну талап кылып жатканын, бирок бул учурда алар зыян тартып жатышканын билдиришүүдө. Сатуучулар бааны базар шартына ылайык коюшарын айтышат. Салык кызматы мурун базарларды айына бир жолу кыдырышса, азыр соода түйүндөрүнө күн сайын келишүүдө.
Сатуучулардын айтымында, бул жараян президенттик шайлоо бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Түркмөнстанда саясий маанилүү иш-чаралардын алдында, мамлекет башчы аймактарды кыдырган маалда азык-түлүк бааларын көзөмөлдөө көндүм көрүнүш.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ