Menu

Тажикстанда милдеттүү түрдө нике келишимин түзүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Ажырашуулардын көбөйүп, жашоо деңгээлинин төмөндөп жаткандыгына арызданган аялдарга жооп иретинде тажик депутаттары милдеттүү түрдө нике келишимин түзүүнү сунуштоодо.

Тажикстандын үй-бүлө мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү демилгеси парламентке былтыр ноябрь айында киргизилген. Ажырашуу маалында мал-мүлктү, ал гана эмес балдарды бөлүштүрүү тажрыйбасы Батышта кеңири тараган. Бирок тажик коомчулугу буга даяр эмес дегендер болгону менен мыйзам долбоорунун колдоо табары күтүлүп жатат.

Мыйзам долбоорун Аялдар боюнча мамлекеттик комитет демилгелеген. Документ ажырашуудан кийин аялдардын каржылык абалына кам көрүүгө багытталган. Бийлик эркектердин укуктары дагы корголорун баса белгилөөдө.

Статистика боюнча мамлекеттик комитетттин маалыматына караганда, 2016-жылы 9 миңдей ажырашуу катталган. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 4,4 % көп дегенди билдирет.

Тажикстанда жаш үй-бүлөлөр күйөө тараптын ата-энелери менен жашашат. Жеке турак-жайлары болсо дагы ал эркектердин наамына катталган. Ажырашуу маалында сот күйөөлөрдү алимент төлөөгө милдеттендирген менен чечим аткарыларына толук кепилдик жок. Көптөгөн тажиктер Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөндүктөн, алардын чыныгы кирешелерин аныктоо дагы өтө оор.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: