Өткөн жылы Казакстандын улуттук валютасы алты пайызга бекемделди. Бирок жалпысынан алганда 2014-жылдан 2016-жылдын декабрына чейин төмөндөө 21 пайызды түзгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирүүдө.
Мекеменин маалыматына караганда, 2016-жылы теңге орусиялык рублге карата 8,3 пайызга арзандаса, америкалык долларга карата 2,6 пайызга бекемделген.
Улуттук банктан билдиришкендей, чет элдик түз инвестициялардан тышкары мунайгаз тармагындагы ишканаларга капиталдын келүүсү эл аралык уюмдардан алган каражаттын жана Улуттук фондду пайдалануунун эсебинен камсыздалган.
2016-жылы төлөм балансынын күндөлүк эсебинин таңкыстыгы 8,2 миллиард долларды түзгөн. Анда соода балансынын өлчөмү 9,4 миллиард болгон. 2015-жылы болсо төлөм балансынын күндөлүк таңкыстыгы 5,5 миллиард долларды түзүп, соода балансынын профицити 12,7 миллиард доллар болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ