Menu

Жалал-Абадда ММКлардын өкүлдөрүнө ар кайсы маалыматтарды таркатууда этияттанууга чакырышты

Бөлүшүү:

Жаш өспүрүмдөр арасында интернеттеги кооптуу оюндарга кызыгуу массалык маалымат каражаттары “Көк кит” жана “Бейпил үй” оюндарынын балдарга карата терс таасири тууралуу маалыматтарды дембе-дем жарыялаганынан улам көбөйүп кетти. Жалал-Абад шаарынын мэриясында балдардын коопсуздугу тууралуу өткөн тегерек столдо ата-энелер жана мугалимдер бул тууралуу айтып чыгышты.

Ата-энелердин жана айрым мектеп мугалимдеринин айтымында, интернеттеги мындай кооптуу оюндар тууралуу көпчүлүк окуучулар мурда билишкен эмес. Качан гана алар тууралуу ММКларда кеңири маалыматтар таркаган соң, окуучулар ошол оюндардын даректерин таап, аларга кызыгышкан. Мугалимдер мектепте окуучулар менен бул тууралуу баарлашкан учурда окуучулар бул оюндарга качан жана кантип кызыгып калышканын ачык айтып беришкен. Ушуга байланыштуу тегерек столдун катышуучулары ММКлардын өкүлдөрүнө ар кайсы маалыматтарды таркатууда этияттанууга чакырышты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы интернеттеги айрым кооптуу оюндарга байланыштуу балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тегерек стол өткөрүп, ага бийлик органдарынын, билим берүү тармагынын, коомчулуктун, ММКлардын өкүлдөрү катышышты. Буга чейин шаар мэриясы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир айлык жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: