Menu

Кыргыз маалымат каражаттарында жек көрүү күч алууда

Бөлүшүү:

Медиа чөйрөдө жана интернетте жек көрүүчүлүк жана терсаяктык төмөндөбөй, тескерисинче исламофобия жана пропаганданын фонунда туруктуу мүнөзгө өтүүдө. Мындай корутундусун Борбор Азиядагы Медиатехнология жана тынчтык орнотуу мектеби жылдык иликтөөсүндө жарыялады.

Анда айтылгандай, 2016-жылы Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жана интернет булактарында чогоолдук, жек көрүү, исламофобия жана ага карата үгүттөө күч алган. Корутундуда мындай көрүнүш орус тилдүү жана кыргыз тилдүү медиада бирдей байкалары айтылат. Баяндамада ошондой эле интернетте ар кайсы курактагы, диндеги, улуттагы жана башка касташкан топтор пайда болгону да жазылган.

Анда Кыргызстандагы жалпы маалымат мейкиндигинде исламофобия негизинен диний радикализмге байланыштуу жайылган. Мындай маанай исламдагы жашоо мүнөзүн радикал агымдарга негизсиз салыштыруу менен коштолгон деп белгилейт авторлор.

Ал эми интернеттеги исламофобия 2014-жылга караганда үч эсе көбөйгөн. Иликтөөчүлөрдүн айтуусунда, мындай жагдайды радикал агымдарга азгыруучулар пайдаланып кетүүсү толук ыктымал. Корутундуга ылайык, 2016-жылы исламды талкуулаган медиаканалдар көбөйгөн, анда диний адамдар менен исламофобдордун ачык айтышы күч алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: