Жалал-Абад шаарынын телекеректөөчүлөрү бүгүнкү күндө 90 пайыз санариптик телеберүүлөрдөн пайдалагнып жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн санариптик телеберүү маселеси боюнча өткөн жыйында маалыма болду.
Быйылкы жылдын 15-майында аналогдук телеберүүлөр өчүрүлө тургандыгы дембе-дем маалымдалып жатат. Ал эми буга карата жер-жерлердеги даярдык абалы жергиликтүү бийликтердин көзөмөлүндө болуп, түшүндүрүү, жайылтуу иштери жүрүүдө. Санариптик телеберүүнү элге түшүндүрү боюнча аракет тобунун мүчөсү Сардар Алымкуловдун айтымында, учурда Жалал-Абад областынын бардык район-шаарларында санариптик телеберүү боюнча түшүндүрү иштери тынымсыз жүрүп жатат. Ал эми бул жагынан Жалал-Абад шаарында абал кыйла жакшы.
-Санарипке өтүүнүн негизги максаты – Кыргызстанда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле сапаттуу берүүлөр аркылуу калктын маалымат алууга муктаждыгын камсыз кылуу. Жалал-Абад областты азыркы күндө санариптик сигнал менен толук камсыз болгон, ал эми Жалал-Абад шаарынын элинин 90 пайызы санариптик технологиядан пайдаланышууда, – дейт ал.
Жыйындын жүрүшүндө шаардын коомчулугунун өкүлдөрү өздөрү кызыккан суроолорго канааттандырарлык жоопторду алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ