Париж бийлиги Эйфель мунарасын террорчулардан сактоо максатында анын айланасына ок өтпөс айнек тосмо курууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттигине калаа мэриясындагы өз булагы билдирүүдө.
Аткаминерлер курулуш күзгө чейин бүтөрүн кабарлашууда. Учурда Эйфель мунарасын тегерете темир тосмо курчап турат. Ал былтыр июнда футбол боюнча Европа чемпонатына карата “убактылуу” орнотулган. Көрүлгөн чараларга карбай, футбол күйөрмандары массалык баш-аламандык учурунда полициянын курчоосун жарып өтүшүп, тосмону ашып түшүшкөн.
Ок өтпөс айнек тосмонун бийиктиги 2,5 метр болот, бул үчүн 20 миллион евро жумшалары айтылууда. Айнек дубалдын долбоорун атайын комиссия жана Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги жактырышы керек.
Долбоорга ылайык, мунаранын айланасындагы жөө жүрүү схемасы өзгөрөт. Париждин символуна алып барчу айрым кире бериштер жабылат. “Эйфель мунарасынын коопсуздугун коргоо боюнча иштин жүрүшүндө биз Франциянын эң таасирдүү архитекторлору менен кеңешип жатабыз жана бардык өзгөрүүлөр мүмкүнчүлүккө жараша шаардын чөйрөсүнө шайкеш болот”,- деди Париж мэриясынын туризм маселелери боюнча орун басары Жан-Франсуа Мартинс.
Мунараны көрүү үчүн жылына жети миллиондон кем эмес киши келет. 2015-жылы ноябрда Париж террордук чабуулга кабылган, анын кесепетинен 130 адам курман болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ