Menu

Оштогу Бабур театры соңку 20 жылда алгач ирет Өзбекстанга гастролого баратат

Бөлүшүү:

Кыргызстандык маданий ишмерлер соңку 20 жылдан бери алгач ирет Өзбекстанга бир апталык турне жасап жатышат. Оштогу Бабур театрынын артисттери бүгүн, 10-февралда коңшу өлкөгө жөнөп кетишет. Бир апта ичинде Анжиян, Наманган жана Фергана шаарларында “Айкөл Манас” спектаклин тартуулашат.

Топтогу 46 адамдын бардык чыгымдарын өзбек өкмөтү көтөрүп жатканын аталган театрдын директору Набижан Мамажанов билдирди.

2016-жылдын соңунда Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко сапар жасаган учурда вице-премьер-министр Адахам Икрамов Ташкент Бабур театрына 50 миң доллар жардам берерин айткан.

Оштогу Бабур өзбек драм театрында 160 адам иштейт. Анын 70и чыгармачыл курам. Арасында эки эл артисти, 11 эмгек сиңирген артист бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси былтыр күздөн тарта калыбына келе баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: