Menu

Эски “ботасы” бакыйган “жип” болуп, карапайым турмушу оңолуп, “VIP” болуп калган Алмамбет “эски чокоюн” унутканда…

Бөлүшүү:

Мурунку «ата мекенчи» Алманбет Шыкмаматов тууралуу айткыбыз келип туру. «Ашууда ат алмаштырбайт» – деп койчу эле кыргызда. Ушул даражага жетелеп жеткирген устатынын жакшылыгына «сийип» туруп, кыйын кырдаалда аркасынан бычак ургандай кылып Өмүрбек Текебаевди ара жолго таштап салганыңыз туурабы Алманбет Насырканович?! Чынын айтыш керек, Өмүке Алмамбет Шыкмаматовду саясаттын «С-сын» биле элек кезинде жанына жардамчы кылып, «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» алып жүрдү. Жыйынтыгын баарыбыз көрдүк, ишеним артып партиясынын лидерлигине чейин алып келди эле. Эми минтип тескери ушатты да басып кетти…

Анысы ал болсун. «Жаман катын кетем деп коркутат» – дегендей, партияны таштап баса берип чабалактап атат. «Чабал өрдөк эрте учат» болуп. Бараар жерин мыктылап сүйлөшүп албай, бир да партия катарына кошкусу келбей койгон өңдүү «Ата Мекен» партиясын кайра мактап-жактап, башка партияларды жамандап жүрөт. Эми шайлоонун алдында мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калбадыбы. Анысы аз келгенсип, жөнү жок эле тиги партиянын аркасын да, бул партиянын колдоосунда Президент турат деп, ажонун атын ар жерге аралаштырып жатат. Эми мунусун туура түшүнөлү. «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» болуп, мамлекет башчысынын атын кошо атап, өзүн эч кимден коркпогон эр жүрөк саясатчы катары көргөзгүсү келип аткандагысы эмеспи. Бул дагы бизде көптөн бери келаткан жаман адат болуп калды. Биздин саясатчы сөрөйлөрүбүз ошентип дүйнөлүк саясий оюнда жок «саясий соода» дегенди өздөштүрүп чыгышты.

Деги эле, ушундай саясатчылар элдин башын айландырган стандарттуу ыкмалардан жаңы деңгээлге көтөрүлө албай коюшту. Батыштагыдай саясатта атаандашуунун жаңы жолдорун издегенге аракет кылайын деген кыпындай да ойлору жок. «Атың чыкпаса, жер өрттө» дегендей эле чоң-чоң саясатчыларга тиш салымыш болуп, алардын атынын аркасы менен өздөрүн дагы «пиар» кылышууда. Элди мурдунан чүлүктөткөн бир торпок ойлошот. Кайда бас десе, басат дегендей.

Саясатташкан элибиз кимдин ким экенин жакшы билип калышты. Анткени алакандай элибиздеги азганактай саясатчылардын өмүр баяндарын жатка билишет да. Анан кантип Алмамбеттин кечээги 2010-жылга чейин кытай «ботас» кийип, тамекини ар кимден сурап «атып» тарткан, маршрутка менен эле жүргөн, а кезде бизнесмен болуп калган Өмүрбек Абдрахмановдон акча сурап жүргөн, кечээ жакында эле «Мерседес 124» машинасынын азабын тарткан күндөрүн унутта калтырсын! Ошол 2010-жылы 90го чукул азаматтарыбыз канкор Бакиевдердин огунан жайраган окуяда морадерчулукта «ата мекенчилердин» аты аралашканы эсибизде. Ошондон кийин эле баягы «ботасы» бакыйган «жип» болуп, жөнөкөй, карапайым турмушу оңолуп, «VIP» болуп калган Алмамбетти эл билбей калат дейби?! Адамды байлык анан бийлик эсиртет деген чын. Андан кийин эле парламентке депутат болуп келип чоң сүйлөп калбадыбы.

Анан депутаттыктан кеткенден кийин эриктиби же шайлоонун алдында элге өзүн көргөзүү аракетиби, айтор, көрүнгөн жерге маек берип өзүн жарнамалап атат. Кызматта олтурганда элине, шайлоочуларына бир тыйынчалык жардам бере албаган Шыкмаматов эми кайра шайлоо алдына кантип барат? Эми эмне деген убадаларды берет? Депутат болуп келсе эмнени кыйратат? Азыр эл деген куру сөз менен куру убадага ишенбей калган…

Кандай айткан күндө дагы, Шыкмаматов өңдүү саясатчыларыбыздын саясий оюнду кылтыңдатпай, түз ойнобогон жоруктары «Шералынын чокою» болуп эстелип кала берет эл арасында!

Камчы Кадыров

Булак: “Мантыш”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: