Menu

Алмазбек Ногойбаев кызматтан алына турган болуп жатат

Бөлүшүү:

Кирешелүү ишканалардын сап башында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы турат. Бул жерге жетекчи болуп барсам дегендердин эки көзү төрт. Кызылдай эле акча жыттанган жер. “Дыйкан” базарынан эле миллиондогон акчалар агылып турат. Ушул ишканага чабуул катуу күчөдү. Текшерүүчү органдар кайра-кайра текшерүүгө алышып, миллиондогон акчалар туура эмес жумшалган деген жыйынтык чыгарышкан. Депутаттарда бул ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин ишмердүүлүгүн сынга алышып, нааразы болгон пикир жаратышкан. Азыр Алмазбек Ногойбаев кызматтан алына турган болуп жатканы айтылууда. Анын ордуна барчу адамдардын саны толтура дейт. Темир жолго жетекчи болом дегендер жогор жакка өз адамдарын ортого салып, чуркап жүрүшкөнү маалым болду. Темир жолчулар болсо бизге татыктуу иштеп берчү жетекчи келсе жакшы болот эле, тааныш аркылуу келгендер тыйын кылгандан башка эч нерсени түшүнбөй баарыбызды жүдөтөт деп келе турган адамды күтүп олтурушуптур.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: