Menu

КСДПчы Ирина Карамушкина баарын айтып бүткөнсүп, эми динге асылды

Бөлүшүү:

КСДПдан депутат болуп партиянын кадырын түшүргөндөн башка барк алып келе албаган Ирина Карамушкина деген депутат айым бар. Бир нерсе сүйлөсө эле чуу салгысы келип жүрөт. Өзү тууралуу коомчулукта кандай пикир айтылаарын такыр эске алгысы келбейт. Өткөн чакырылышта бул айым тууралуу сөздүн учугу түгөнбөгөн. Кыргыздын калпагын мончодо эле кийип жүрбөйбү деп көөнөрбөс мурасыбыз болгон калпагыбызга асылган. Андан кийин Баатыр энелерди обончу аялдарга теңеп элдин кыжырын кайнаткан. Кызматтык машинасы жол кырсыгына кабылып, адам өмүрүн кыйса да Карамушкина ыйык трибунадан кечирим сурап, кызматын таштап кетип калбастан, ал окуя тууралуу жазган журналисттерди 5 млн сомго доо жазып, сотко сүйрөгөн. Эми болсо дин мамлекеттик иштерге аралашып кетти деп маселе көтөрүп жатат. Мамлекеттик органдарда иштегендер жума намазга кетип, жарандар кызматкерлерди таппай калып Карамушкинага арызданып жатыптыр. Кызыгы, парламентте ажы депутаттар толтура олтурса, Ислам дини боюнча түшүнүгү тайкы Карамушкинага кайсыл жарандар кайрылышты болду экен? Иринанын жума намазга барган мамлекеттик кызматкерлерге наарызы болуп “Алар айлыкты Жараткан күчтөрдөн эмес, мамлекеттен алат. Дин мамлекеттик иштерге киришип кетти” деп айтканына муфтият, молдокелер, адамга акыл үйрөткөн ажыкелер неге үн катпайт? Алар депутаттык мандатты көргөндө кысчу жерин кысып калышабы? Болбосо, динге жакын маалыматтар гезит беттеринен чыга калса, ата-бабам мусулман болушкан, мен мындан моралдык зыян тартып жатам, мага моралдык зыянды өндүрүп берүүңүздү өтүнөм деп сотко арыз жазгандар кайда? Карамушкинага алар катыла албайбы?

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: