Menu

Бизнестен бийиктикке секирген Бакыт Төрөбаев

Бөлүшүү:

Бакыт Төрөбаев да президенттикке ат салышчу саясатчылардын тизмесин толуктап келет. Аз убакытта өзүнүн партиясын түптөп, жасаган иштери, көтөргөн маселелери менен эл оозуна алынып калды. Кайсыл жерде болбосун бийликте турган партия сунуш кылган талапкерине атаандаш кылып өзүнүн командасынан бирөөнү көрсөтүп келет. Бакыт Төрөбаев алгач парламенттин босогосун 2007-жылы «Ак Жол» партиясы менен аттаган. 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. 2010-жылы «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон. 2013-жылы «Республиканын» катарынан чыгып, өзүнчө «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык тобун түптөгөн. 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясын жетектеп шайлоого катышып, партиясын Жогорку Кеңешке алып келген. Бул саясатчы тууралуу эл кандай көз карашта экенин билүү максатында, элдин пикирин угуп көрдүк.

Токтор Токтогулов,  айдоочу:

— Бакыт Төрөбаев өзүнүн көз карашы бар, алдыдагы нерселерди көрө билген, өзүнүн оюн ачык айтып тайманбаган жана ал нерселерди иш жүзүнө ашырууга аракеттенген саясатчылардын катарында келе жатат. Албетте адам болгондон кийин көптөгөн тоскоолдуктар болот. Ар кандай сындар-пикирлер айтылат. Анын баарын көтөрүп, алга карай умтулса жакшы. Оозунан чыккан сөзү менен жасаган иши келишпеген саясатчылардын бирине айланса анда элдин ишеничинен чыгып калат.

Жоодар Шакеев,  студент:

— Мен Бакыт Төрөбаевдин басып өткөн жолун толук биле бербеймин. Бирок, “Өнүгүү» партиясын түптөгөндөн бери бир топ жакшы иштерди жасады. Ошол мезгилден тартып ал кишини жана аталган партиянын иштерин азыноолак айта алам. Көчөлөрдү жарыктандыруу программасы абдан жакты. Мен Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында жашайм. Мурда көчөлөр караңгы болуп автокырсыктар, ар кандай кылмыш иштери боло берчү. Азыр ага караганда дурус, көчөлөр жарык, жолдогу адам өтчү жерлерде турган кишилерди көрөсүң. Менимче бул жаңы идеялар менен эл кызматын кылалы деп алгачкы кадамдарын жасашты. Жасаганда да эл көзүнө көрүнүктүү жана пайдалуу иштерди. Ошол үчүн эл аларга өз добушун берди да. Бакыт Төрөбаев туура жолду тандаган. Анын идеялары, жаңычылдыгы көп нерседен үмүттөндүрөт. Буйруса мындан да жакшы иштейт деп ойлойм.

Хабибулла Сагынбай уулу,  жеке ишкер:

— Ал кишини парламентке болгон партиялык шайлоого чейин таанычу эмесмин. Азыр деле чоң саясатчы катары биле бербейм. Бирок, акыркы жылдары башкаларга салыштырмалуу бираз да болсо иштерди жасап келе жатат. Эл кандай ойлойт билбейм. Кээде телевизордон көрүп отуруп депутат эмес президентин билбеген, тааныбаган элдерди көрүп калып жатпайбызбы. Ага караганда биздикилер жамандыр-жакшыдыр эл арасында таанымал. Пендебиз да ойлогондо эле ал киши буга чейин эмне иштерди жасаган, ким болуп иштеген, иштебесе ушул кыйратмак беле дегендей суроолорго байланып калат экенсиң. Менин оюмча бийликке келгендер колуна амир келсе кыргызга жан үрөп иштеп берейин деп келишсе керек. Ал эми аталган саясатчы азыноолак аракеттерди жасап, кыргызга кызматын кылып келе жатат. Мындан ары да кыла берет деп ойлойм.

Бекен Каримов,  жеке ишкер:

— Бакыт Төрөбаевди колдойм. Анткени бизде партия, анан саясатчыдан көп нерсе жок. Төрөбаев алгач «Республика» партиясында жүрүп тажрыйба топтоду, кийин “Өнүгүү” деп өзүнүн партиясын түздү. Чү дегенде эле канчалаган жылдардан бери ат салышып маарага жетпей келген партиялардан ашып түшпөдүбү. Мындай ийгиликке жетиш үчүн баш дагы, азыркыларча каржы да керек. Көп эле партиялар шайлоо алдында берген убадаларын унутушту. Алардын айткандары таптакыр кол жеткис убадалар эмес беле. Аткарылбай турганын убаданы берген адамдар деле билишкен. Болгону элге жагынуунун аракетин көрүшкөн да. Ал эми Бакыт Төрөбаевдин партиясы экология, айыл чарба жаатында жакшы иштеди. Жарыктандыруу меселесин ишке ашырышты. Ушул аларга утуш алып келди.

Улукбек Майнаш уулу, Бишкек шаарынын тургуну:

— Мен саясатка кызыкпайм. Баардык нерсени саясатташтырып жүрүп, неге жеттик? Саясат дегенди эл анчейин жактырбай калды. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү, эл үчүн иштеп жаткан бир адамды көрө албай жатабыз го. Кокуй, президентти кууп жиберсек жыргайт экенбиз дедик эле. Кана жыргаганыбыз? Эл жыргадыбы? 20 адам жыргаса жыргагандыр. Андан да жаман акыбалга кептелип отурабыз. Тышкы карыз 4 млрд доллардан ашты дейт. Мына биздин келечекке таштап кетчү мурасыбыз. Элдин баары талаалап курсак тойгуза албай жүрсө мунун баарын ким төлөйт? Көрүнгөн жерде кор болуп карандай доомат менен камалып жаткандарды ким ойлойт? Кана ошол саясатчылар? Эр болсо Орусияда жүргөн кыргыздарды мекенине алып келбей эле, ошолордун наркы-берки документ иштерин эле жеңилдетип берип койсунчу? Бажы союзуна кирсек жыргайбыз, мигранттарга шарт түзүлөт дешти эле. Азыр барып сурагылачы жыргап атасыңарбы деп? Атаңдын башы деп төбөңө төрттү көйгүсү келет. Саясаттын кесепети ушул.

Абыт Туйбасов, студент:

— Бул кишини жанында аралаш жүрүп, анын баскан турган ар бир ишине кызыкпаганыма байланыштуу андай мындай деп айтуудан алысмын. Бирок катардагы жаран катары өз сөзүмдү айтпасам атуулдукка жатпай калат. Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү” партиясын жаңыдан түптөп, аз да болсо элге таанылып калды. Айрым иштерди жасап жатат. Жарыктандыруу, айыл чарба, ден-соолук сыяктуу социалдык көйгөйлөргө алынын келишинче жардам берип, парламентте маселе көтөрүп келе жатат.

Талгат Алмазбек уулу,  студент:

— Мен үчүн Бакыт Төрөбаевге саясатчы катары бир өңчөй баа берүү кыйын. Анткени саясат бир жерде турбаган оомо болот экен да. Азыр эл да ошондой болуп калды. Ким жакшы сүйлөсө, ким көбүрөөк акча төлөсө ошонун сөзүн сүйлөп дегендей. Эми баарын айта албайм, бирок салыштырмалуу ошондой. Акыркы мезгилдерде “Өнүгүү” партиясынын шаарды жарыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билем. Чынын айтсам Бакыт Төрөбаев башка иштерди жасады, бул долбоордун автору деп уккан эмес экенмин.

Даярдаган Үсөн Абдирашит уулу

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: