Menu

Акылбек Жапаров Максим Бакиев менен биригип, Россиядан келген кредитке МИС ачык акционердик коомду сатып алып, анын 51%на ээлик болгонбу?

Бөлүшүү:

Жапаровго чара көрүңүз!
Кыргыз Республикасынын 
Президенти А.Ш. Атамбаевге
Бишкек шаарынын жашоочусу 
“Учкун” к.р. үй №21 кв.41.
Б.А. Деркимбаевадан
Б.т. 0557-22-39-57.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! 
“Күйгөндөн жазам ыр сабак” дегендей, чынында аргасыздан сизге кайрылып жатканымдын себеби, Кыргыз Республикасынын ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров жөнүндө болмокчу. Балким ал кишини менден дагы жакшы билер чыгаарсыз. Бирок мен ал кишини каржы министри болуп тургандан бери кандай ишмер адам экенин жакшы билем. Сүйлөсө тилинен чаң чыгат, айткан сөзү менен иши айкалышпайт. Дегеним, парламентте өкмөт башчыларынын отчётторун угуп жатышканда Жапаров өзүнүн кылмыш иштерин көрбөй туруп аларга акыл айтып, өзүнүн ишке ашпаган ой-пикирин сунуштаганда, бул жерде отуруп, телевизордон угуп, көрүп, биздин кыжырыбыз кайнайт. Сөзүм кургак болбош үчүн анын Кыргызстандын экономикасына жасаган иштерин мен билгендеримдин бери чети эле, билбегендерим андан көп болсо керек, сизге А. Жапаровдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган коррупциялык иштерин билдирүүнү туура чечтим.
К.С. Бакиевдин убагында “ЦАРИИ” деп Максим Бакиев менен биригип, Россиядан келген кредитти Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө пайдаланбай, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, Ысык-Ата районундагы жеке эле Кыргыз Республикасына белгилүү эмес, мурунку СССРдин убагындагы эң ири чарбанын бири болгон МИС ачык акционердик коомду сатып алып, анын 51%на ээлик болгон. Ал кезде А.Жапаров Каржы министири болуп турган. Ар кандай жагдайлардан суудан кургак чыга калып, болбой эле жетекчилик кызматтарда, депутат болуп отуруп жеке өзүнүн иштерин бүтүрүүдө. 200,0 (Эки жүз) миллион сомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2009-жылдын 17-июнунда беш жылга жеңилдетилген ссуданы алган. Аны беш жыл ичинде накта акчалай түрүндө кутулуш керек болчу. Бирок Айыл чарба министрлиги аркылуу жалган жогорку сапаттагы элита сорттогу буудай, арпа үрөндөрүнө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Өкмөттүн токтомун чыгартып, жогорку баа менен баягы эле бечара майда дыйкан чарбаларына зордуктап 2010-жылдан бери таратып, бардыгы, жапкан суммасы 69 976420 (алтымыш тогуз миллион тогуз жүз жетимиш алты миң төрт жүз жыйырма) сомду араң жабышкан. Бул миллиндогон сом Өкмөттүн казынасына төгүлбөй, элге карызын илип койгон. Ошентсе дагы болбой эле, 2014-жылы 12-мартта Өкмөттүн буйругу менен кайрадан төлөө мөөнөтүн 2025-жылдын 1-январь айына чейин узарттырган. Тескерисинче дыйкандардын мойнунда жыл сайын бири-бирине которуу жолу менен карыздар илинидөө. 2025-жылга узартылган суммадан 2017-жылдын 1-январына чейин 87704710 (Сексен жети миллион жети жүз төрт миң жети жүз он сом төгүш керек болчу. Анын ичинен пайдаланган проценти үчүн 61009730 (Алтымыш бир миллион тогуз миң жети жүз отуз) сом мамлекеттин казынасына төгүш керек болчу. Эми бетти тултуйтуп, дагы уялбай далбастап чуркап жүрөт экен, калганын жоюп бергиле деп. Өкмөт менен Айыл чарба министрлиги жалаң А.Жапаров үчүн иштеп жатканбы? Ал эми МИСтин азыркы абалы менин угушума караганда мышык ыйлаган абалда деп угам. Жапаров болсо ал акчага, элдин баары билет, шаардын борборуна жеке менчикке эмне деген чоң курулуш курдуртуп алып жатат. Айыл-чарба министрлигине бекеринен “Бир Бол” партиясынын депутаты Н.Н.Мурашевди коюшкан жок да. Анысы болсо ал ишти ишке ашыргандан кийин кызматтан кетет дагы, кайрадан депутат болуп алат. Көзүм ачык болбосо дагы, баарына ачык-айкын белгилүү. Анткени азыркы депутаттар элдин кызыкчылыгын ойлобой, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, өздөрүнө ылайыктап мыйзамдарды чыгаргандары белгилүү.
Ошондуктан жогорудагы айтылган жагдайды эске алып, мен жана көз карандысыз эксперттен, УККнын экономикалык бөлүмүнөн, генералдык прокуратурадан комиссия түзүп текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгы боюнча чара көрүүңүздү өтүнөм. Эгерде мени комиссияга мүчө кылып текшерүүгө жөнөтсөңүз, жогоруда жазылган фактыларды далилдеп берүүгө даярмын. Бул иште сиз менин сунушумду колдосоңуз, мамлекеттин казынасына 237,0 миллион сом Жапаровдун өзүнөн өндүрүлөт.
Сизге жазылган кат өзүңүзгө жетээрине көзүм жетпейт. Ошондуктан Алмазбек Шаршенович, гезит аркылуу сизге кайрылууга аргасыз болдум.

Сизди урматтоо менен ишеним артып, Б.А. Деркимбаева

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: