Menu

«Бир бол» партиясы президенттик жарышка Мыктыбек Абдылдаевди алып чыгат

Бөлүшүү:

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык парламенттик «Бир бол» партиясы быйыл өтө турган шайлоодо партиянын атынан депутат Мыктыбек Абдылдаевди президентикке талапкер кылып алып чыгат.
Мыктыбек Абдылдаев Акаев заманында генпрокурор, Бакиев заманында президенттик администрациянын башчысы болуп иштеген. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясынан депутат, 2015-жылы “Бир бол” партиясынан депутат болуп шайланган.
“Бир бол” партиясы Мыктыбек Абдылдаевди президент болуп калса баарына калыс мамиле кылган арбитр, элди түштүк-түндүккө бөлбөгөн, бир эле мөөнөт иштеп, бирок ордуна татыктуу жаш кадрларды даярдап кете турган, бардык тараптарды канаатандыра алган талапкер катары көрөт жана сүрөйт.
Эгер Мыктыбек Абдылдаев президент болуп калса аймактык балансты камсыз кылуу максатында парламенттин спикерлигине “Бир болдун” депутаты Улукбек Ормонов, премьер-министрликке тажрыйбалуу саясатчы, экс-министр, экс-спикер Ахматбек Келдибеков бара тургандыктары макулдашылганы айтылууда.
Булардан сырткары Мыктыбек Абдылдаевдин президенттик талапкерлигин сүрөөгө анын кан кудасы Азимбек Бекназаров катуу иштей тургандыгы угула баштады. Белгилүү болгондой Бекназаровдун бир уулу Абдылдаевдин кызына үйлөнгөн. Нарында болгон акыркы жолугушуусунда Азимбек Бекназаров ал жердеги Апрель баатырларына “Жакында мен бир талапкердин ысымын атайм, ошону колдойсуңар” деп табышмактантып, атын атабай кеткен. Кыязы, ал талапкер Бекназаровдун кудасы Мыктыбек Абдылдаев окшойт.
Жакында эле “Ак шумкар” партиясынан президенттикке аттандырылган Темир Сариевге “Бир бол” партиясынан талапкерликке камданып жаткан Мыктыбек Абдылдаевден “Биздин партия парламенттик партия, шансы чоң, ресурстарыбыз жетиштүү. Сен бизге кошулуп, мени колдо. Чүйдөн бир эле талапкер чыгалы, добуштарды бөлбөйлү. Мени түштүктүн балдары колдоп жатат, сени түштүк электораты колдобосун билесин. Анан Москва да сага караганда мени көбүрөөк колдойт, жубайым орус. Өтүп калсак сен биздин командада болосуң” деген сунуш түшүп, бирок дымагы күчтүү Темир Сариев тескери жооп кайтарганы сөз болгон.
Эске сала кетсек, буга чейин быйыл өтчү президенттик шайлоого “Ак шумкар” партиясы Темир Сариевди, “Өнүгүү” партиясы Бакыт Төрөбаевди, “Республика-Атажурт” партиясы Өмүрбек Бабановду алып чыга тургандыгы айтылган.
Булак: Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: