Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “2010-жылы Бакиевди жөн эле койсок болмок экен, ал светти 1,5 сом кылам десе кетирдик эле, бүгүнкүлөр 2,16 сомго көтөрүштү”

Бөлүшүү:

“Мына кыргыз эли жакырланып жатат дешүүдө, аны ким жакырлантып жатат? Албетте бүгүнкү бийлик элди көтөрүүнүн ордуна кайра уурдап-тоноп жеп жатышат. Билим берүү эмне болду? Балдарыбыздын контрагын төлөш үчүн кредит алып, карызга батып жатабыз”, – деп билдирди Нарындын тургуну, Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өткөн жумада Нарында өткөргөн жыйынында чыгып сүйлөп.

“Саламаттыкты сактоо системасын толук талкалашты.  Азыр акчасыз эч нерсе кыла албайсын. Медакадемияда чоңдордун балдары окубай эле ойноп жүрүп, дипломду сатып алышат экен. Карапайым эл баласынын контрагын төлөш үчүн жылына 1 уйун сатып, 5 жылда 5 уй сатат экен.  Чоңдор кредитти арзан алып келишип, элге банктар аркылуу кымбат процентке берип жатышат.  2010-жылы эл бийликке эмнеге каршы чыкты эле?  Электрге тарифти 70 тыйындан 1,5 сомго көтөрөбүз дегени үчүн.  Эми эмне болду?  2 сом 16 тыйынга чыкты! Бакиевди жөн эле койсок болмок экен.  2010-жылы апрелде жөн эле үйүндө жүрүп, бастырмадан учуп кеткендерге да Апрель Баатыры деген наамды беришти. Жөн эле Бишкекте жүргөндөргө да Нарында Апрель Баатыры деп наам беришти. Бир митингге бир басып келбегендер да баатырдыкты алып алышыптыр. Жанагы орденин Ош базарынан алып келишкенби, тагынгандан да уяласын”, – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: