АКШнын эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) АКШ Мамлекеттик департаментине Түркмөнстанды өзгөчө кооптонуу жараткан өлкөлөрдүн катарына кошууну сунуштады.
USCIRF – АКШ өкмөтүнүн көз карандысыз кеңешме органы. Ал дүйнөдөгү диний эркиндиктин сакталышына байкоо жүргүзүп, президент, мамлекеттик катчы, жана АКШ конгресси үчүн саясий сунуштарды иштеп чыгуу менен алектенет. USCIRF баяндамасын өткөн аптанын соңунда жарыялады.
Баяндаманын Түркмөнстанга тиешелүү бөлүгүндө диний уюмдар каттоого туруу үчүн түйшүктү жолду басып өтөрү, катуу көзөмөлгө алынары, каттоодон өтпөгөндөр катуу жазага тартылары айтылган. Буга байланыштуу Түркмөнстанды өзгөчө кооптонуу жараткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү сунушталууда.
Комиссия мындан тышкары түркмөн бийлигинен саясий туткундарды бошотууну жана камактагыларга үй-бүлөлөрү менен жолугууга уруксат берип, гумандуу мамиле жасоону, адекваттуу медициналык кароону камсыздоону талап кылууда.
Түркмөнстанда ондогон кишилер диний айыптар менен түрмөдө отурушат. Адатта аларга үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары киргизилбейт, темир тор артындагы тагдырлары табышмак бойдон калат. Мындан тышкары Түркмөнстан абактарындагы ондогон саясий туткундардын дайыны билинбей, алар өлгөндөн кийин гана сөөктөрү жакындарына кайтарылып берилет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ